Сүрөт: “Качан күйөөгө тийесиң” деген сөздөн тажаган кыз өзүнө-өзү турмушка чыкты…

Угандалык 32 жаштагы Лулу Джемима жакындарынын “турмушка чык” деген кеңешинен аябай чарчап, кутулуу үчүн өзүнө-өзү турмушка чыгууга мажбур болгон. Бул тууралуу Лента.ру жазып чыккан.

Лулу Джемима Сиднейдеги университеттердин биринде орто билимге ээ болгон. Учурда магистратурасын Улуу Британиядагы Оксфорд университетинде улантууда.

Анын билим тармагындагы ийгиликтери ата-энесин кызыктырган эмес. “Алар дайыма менден качан турмушка чыгып, балалуу болоорум тууралуу гана сурап тажатышчу. Атам 16 жашымда эле менин тоюмда сүйлөй турган сөзүн даярдап койгон,”- дейт Джемима.

Канча жылдан бери бүтпөй келген бул кысымдан кутулуу үчүн, Лулу досунун шарапканасында чакан той берген. Агасы торт бышырып, дизайнер таанышы чакыруу барагын жасап, досу дин кызматкеринин ролун аткарган.

Жакындарын гана чакырган кичинекей салтанатка Лулу келин көйнөгүн кийип келген. Жана 30 чакты коноктордун алдында “өзүн-өзү сүйүүгө, өзүнө адал болууга” ант берген.

Ата-энеси тойго катышкан эмес. Апасы алгач укканда шок болгону менен кызынын келин көйнөгүн кийүүсү өзү турмушка чыгууга даяр экендигин билдирээрин айткан. Атасы айтарга сөзүм жок гана деген.

Эскерте кетсек, 2017-жылы италиялык Лаура Меси өзүнө турмушка чыккан. Ал  ата-энесине 40 жашка чейин өмүрлүк жолдошун таппаса, өзүнө-өзү турмушка чыгам деп сөз берген жана бул сөзүн аткарган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу