СҮРӨТ-Кайрат Примбердиев, ырчы: “Көпчүлүк адамдар ырчыларды көз менен көбүрөөк жактырышат экен”

Күтүүсүз суроо-жооп:

— Кайрат, сен тууралуу чыгармачыл инсандар “Кайраттын бою узун болуп, келбети келишимдүү болгондо көпчүлүккө жакмак” деп айтып калышат. Буга кандай дейсиң?

— Чын эле го… Азыркы замандын талабына жараша тенденция ошондой болуп калды окшойт. Өзүмдү буга чейин “красавчик” сезген эмесмин жана мындан ары да сезбейм. Мен үчүн баарынан маанилүүсү адамдын ички дүйнөсүнүн сулуулугу. Адамдардын сулуулугуна маани берген жан эмесмин.

— Демек, сенин пикириңде шоу бизнес сулуулукту талап кылбайт экен да ээ?

— Жок деп айткандан алысмын. Кайсы бир деңгээлде сулуулук роль ойноп калды. Себеби, азыр көпчүлүк адамдар башка инсандарды көз менен көбүрөөк жактырышат экен. Корей тасмалары чыкканы да биздин жигиттер тасмадагы каармандарга окшошкулары келип аларды туурап кийинип, чач жасалгаларын жасап жүрүп калышты. Мына ушундай нерселер таасирин берип жаткандыктан, кыздарыбыз да сулуу жигиттерди жактырып калышты го… Азыр ырчыларды “Мынча алтыны, күмүшү, сөйкөсү, билериги же кийими бар экен. Бул кийимин бул жерден сатып алыптыр” деген сын сөздөрдү көп укчу болдум. Илгери адамдар ырчылардын келбетине эч маани беришкен эмес да. Алар ырчылардын үнүнө, ырына, комуздун күүсүнө көңүл бурушкан. Ал эми азыр заман башка…

— Ырдоо стилиңди таба алдыңбы?

— Мен жалпы эле музыканынын күйөрманымын. Башка ырчылардай болуп “Рок”   болду мен ушуну эле тандайм. Башка музыканы укпайм деген адам эмесмин. Классика жана опера жанрында ырдабайм. Калган жанрларда эркин ырдай алам. Бардык жанрдагы ырларды танбай уга берем. Азыркы учурда шоу бизнесте фольклордук, рок жана эстрада багытында ырдап жатам.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу