СҮРӨТ- Жумагүл Райымжан кызы, ырчы: “Былтыркы шайлоодо тапкан акчама эки бөлмөлүү батир алдым”

— Жумагүл, сахнада жүргөнүңө канча убакыт болду?

— Чоң сахнага 2013-жылы алгачкы жолу чыккам. Мына ошол жылдан бери сахнадан түшпөй элиме кызмат кылып келе жатам. Убакыт билинбей өтө бергендиктен, азыр эсептесем сахнада жүргөнүмө 15 жыл болуп кетиптир.

— Ашканада кандай кожейкесиз?

— Ашканада өзүмдү мыктымын дебесем да, жакшы эле кожейкемин деп айта алам. Себеби, үй оокаттарын өзүм жасап, тамак жасоо менин милдетим деп билем.

— Отуздан ашып калдың. Турмушка чыгууга кыялыңдагы жигит чыкпай жатабы?

— Жеке жашоомду чыгармачылык менен аралаштыргым келбейт. Ар бир адамдын маңдайына жазылган буйрук нерсе убакыт-сааты менен келет деп эсептейм. Балким, эми жолугаттыр…

— Шоу-бизнестеги ырчы кыздар менен түшкөн сүрөттөрүңдү социалдык баракчаңа жүктөп, баарын “курбум” деп жаза бересиң. Алардын арасында чыныгы досуң ким?

— Ооба, “курбум” деп жүктөйм. Мен баардыгын эле антип жүктөй бербейм. Саналууларын жана көңүлүмө жаккандарын гана дал ошентип жүктөйм. Бирок, менин шоу-бизнесте жана башка чөйрөдө жүргөн да курбуларым бар. Аларды мен чыныгы досторум деп билем.

— Анжелика менен дуэт ырдап чыктың. Ким сунуштады? Же концертке эле ырдап коелу деп чечтиңирби?

— Анжелика менен чыгармачылык аркылуу таанышып, азыркы тапта жакын курбулардан болуп жүрөбүз. Анан концертиме конок болуп кетүүсүн өтүнсөм, “Концертиңе өзгөчөлүк киргизип дуэт ырдайлы” деп сунуштап калды. Мен каршылык көрнсөткөн жокмун. Макулдугумду берип жаздырдык.

— Былтыркы шайлоодо тапкан акчаңды эмнеге жумшадың?

— Үгүт иштеринде ар бир ырчы берекелүү акча табат деп айта алам. Мен дагы бир лидерди колдоп иштеп, жакшы акча таптым. Шайлоо бүткөн соң Ош шаарынан эки бөлмөлүү батир алдым.

— Акчаны кандай кармайсың?

— Абдан сарамжалдуумун деп айта албайм. Бирок, көпчүлүк учурда шартыма карап акчаны сарптайм. Акчам көп болсо, көптөй аз болсо аздай жумшайм.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу