Сүрөт — Жалал-Абадда согуштун ардагерлерине сый көрсөтүлдү

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучу-ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү иш-чаралары тынымсыз өтүп, бүгүн шаар жетекчилери, шаардык ардагерлер кеңеши аларга арнап атайын сый-тамак беришти. Ошондой эле өкмөт жана жергиликтүү бийликтер тарабынан берилүүчү стипендиялар, компенсациялар да тапшырылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаардын “Салкын” эс алуу комплексинде Улуу Жеңишти жана узак тынчтыкты камсыз кылгандарга арнап жергиликтүү бийликтер сый-тамак уюштуруу менен аларга мамлекет тарабынан берилүүчү 20 миң сомдук стипендияларды, ошондой эле оорукта иштегендер үчүн жылына бир жолу берилүүчү компенсацияларды ардагерлердин колуна тапшырышты.

Шаардын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев кан майданда салгылашып, оорукта эмгек жасап жеңишти алып келгендерди эртеңки майрамы менен куттукташып, аларга жакшы каалоолорду айтышты.

Ал эми ардагерлер көрүлүп жаткан камкордуктар, сый-урмат үчүн ыраазылык билдиришип, жер бетинде дайыма тынчтык болуусун каалашты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынан согушка 10 миңден ашуун жоокерлер кетип, алардын дээрлик жарымы кайтпай калышкан. Беш жалал-абаддык Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан. Азыр Улуу Ата Мекендик согуштун 15 гана ардагери калды.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу