Сүрөт: Бишкекте жаш жубайлар баңгизат менен кармалды

Октябрь РИИБдин кызматкерлери жашыруун баңгизат сактап жүргөн деген шек менен жаш жубайларды кармады. Бүгүн, 12-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, баңгизаттын өлчөмү чоң болгон.

Шектүүлөрдү кармоо 10-ноябрда РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, 1996-жылы туулган А.А. (аял киши) ширеңкенин 4 кутусу менен кармалган. Ал эми анын күйөөсү — 1996-жылы туулган О.А. башкарып жүргөн унаадан целлофан баштык алынып, андан ширеңкенин 12 кутусуна салынган баңгизат чыккан. Экспертиза бул зат гашиш (194 грамм) экенин ачыктады.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо, жүгүртүү, ташуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жубайлар убактылуу камакка алынды. Тергөө иштери улантылып жатат.

Булак: Турмуш 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу