СҮРӨТ- Анжелика, ырчы: “Менде чеккен учур болгон эмес, ичимдик ичип көргөм”

— Анжелика, эрте жатып түшкө чейин уктаган учурлар болобу?

— Жок, эмнегедир сегиз сааттан ашык уктай албайм. Коңгуроого коюп койгондой эле көзүм тез ачылып кетет. Түштө уктамай адатым жок. Бирок, болсо жакшы болмок.

— Сулуулук салон, кийим бутигиңди ким каржылап турат?

— Биздин бардык үй-бүлөлүк бизнестерибизди Урмат менен чогуу баштаганбыз. Чогуу каржылап, бири-бирибиз менен кеңешчүбүз. Былтыркы жылы эле ачылган кийим саткан бутигимди да Урмат ачып берген.

— Тамеки чегип, ичип көрдүң беле?

— Мен жок деп айта албаймын. Бала кезде болгон. Чеккен учур болгон эмес, бирок 16-17 жаш куракта ичип көргөм. Ичимдиктин даамын таткам.

— Былтыркы күздө канча тойго барып, канча доллар таптың?

— Чынын айтайын эсептеген жокмун. Бирок, мурдагы жылдарга караганда азыраак болду. Анткени, мурунку жылдары тойлорго барып ырдаганга убактым көбүрөөк болчу. Былтыр долбоорлорум, иштерим, үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу тойлорго көп чыга алган жокмун.

— Тишиңди оңдотуп туура кылыпсың. Брекет менен эми дагы канча убакыт жүрөсүң?

— Он жети жашымдан тарта эле брекет тагынышым керек болчу. Бирок, тиштеримдин баардыгы сак болгондуктан, бирөөсүн жулуп салыш мен үчүн чоң коркунуч жаратчу. Тиштер жылышып түздөлүш үчүн да өзүнүн ыкмалары бар экен. Акыркы сегиз деген тиштеримди алдырып азыр брекет тагынып жүрөм. Бул сулуук үчүн эмес, тиштерим бузулбаш үчүн тагынып жатам.

— Айчүрөк эже менен скандалыңар бүттүбү же айтыла элек сырлар дагы калдыбы?

— Айтыла элек сырлар жок. Көп сырларды элдер өзүлөрү ойлоп табышты болуш керек. Эртең эмне болуп кетээрин билсек, жашоо абдан кызыксыз болмок экен. Барын билсек жашаш оңоюраак болмок деп ойлойм. Менин пикиримде бул жашоо.

— Акчаны үнөмдөөнү билесиңби?

— Мен акчаны абдан үнөмдөп чоңойгом. Акчаны саражал пайдаланып, аны чогултушту жакшы билем.

— Сени “үнү жок” деп көп сындашат. Буга кандай карайсың?

— Мага эч ким кабатырланбай эле койсо болот. Себеби, менин өз угармандарым бар. Ар бир ырым жарыкка чыккан сайын аны тыңдап, чыгармачылыгымдагы жаңылыктарымды сурап турган адамдар бар.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу