СҮРӨТ-Анжелика: «Туулган күнүмдөгү беш кабаттуу тортту кайрымдуулукка берем»

Кече,  12-июнда ажарлуу ырчы Анжелика  29 жашка толуп, өздүк майрамын  белгиледи.   Анда,  ырчы айымды куттуктап шоу дүйнөсүнөн  куралган жакын инсандары келип куттукташты. Бул кечеде көздүн жоосун алган шириндиктер, беш кабаттуу торт, жана белекке келген  түрдүү розалар  коноктордун да, туулган күн ээсин да  кубантып турду. Ошондой эле Анжелика өзү эле белек албастан, » ушул күнү төрөп, мени эрезеге жеткирген апама рахмат»-деп кучак толо гүл менен апасына күтүүсүз белек кылды.  Айтмакчы,  Анжеликанын туулган күнүнө арналып жасалган беш кабаттуу торт кайрымдуулукка берилерин ырчы айым айтып өттү.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу