СҮРӨТ: Ак элечеги менен көпчүлүктү суктанткан Роза Отунбаева

Экс-президент Роза Отунбаева бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюндарын көрүүгө Кырчын жайлоосуна этно шаарчанын ачылыш аземине барды. Соц тармактарда Роза Отунбаеванын ак элечек кийип алганы кызуу талкууга алынып жаткан чак.

Бул тууралуу өзүнүн пикирин журналист Элнура Кулуева төмөнкүдөй билдирди:

-Бүгүн Роза Отунбаева эжекебиз атпай журттун алдына ак элечегин кийип чыгыптыр..Кыргыздын көзү кубанып, көкүрөгү толо түштү. Улуттун патриоттук идеологиясына бир үзүм таштап койду десек болот. Дүйнөлүк акыл-эс тирмийип тиктеп, саргара ойлонуп отурган учурда ак элечек менен улуттун касиеттин ойготуп койду. Булуттуу көктүн астынан, муундуу чөптүн үстүнөн» куштай учкан элибизди даңазалай берели. Кезинде Королева Елизаветанын кабыл алуусунда да Роза Отунбаева эжекебиз ак элечек кийип барган . Шляпанын түрүн кийген Королева Елизавета чынында элечегибизге абдан суктанган экен. «Адамзаттын тунугу, ак калпактын улугу» — деп Манаста айтылгандай улук ак калапак, ак элечек ар качан кыргыз элимдин башында болсун деп чарчабастан айта берем. Сыймыктанып кийип чыгабы анда кыргыз элинин алкышына арзыйт- дейт Кулуева өз сөзүндө.

Көпчүлүктү суктандырып кыргызча кийинген Отунбаевага коомчулук мындан кийин да жолугушууларга дайым ак элечекти чечпешин Отунбаеваны элечек менен көргүлөрү келгенин айтышууда.

Эске сала кетсек, экс-президент Роза Отунбаева Кырчын жайлоосунда этно шаарчанын ачылышында президент  Сооронбай Жээнбеков менен андан кийин Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Токоева жана Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган менен “Кырчын” этношаарчасын кыдырып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу