СҮРӨТ — Айгүл Чалова, ырчы: “Ар кимдин айтканына көнүп, жеңил ойлуулукка көп барам”

Көпчүлүктүн назарын өзүнүн сулуулугу, жылдыздуулугу, таланты, назик үнү менен арбап алган Айгүл Чалова менен бүгүн биз сулуулук темасында баарлашабыз.

Туулган жылы — 25- июль, 1983-жыл 

Туулган жери — Токтогул шаарчасына караштуу Терек Суу айылы

Билими — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин “Эстрадалык ырдоо” бөлүмүн бүтүргөн

Бою — 165 см

Салмагы — 56 кг

Параметри — 90-65-95

Сүйүнгөнү — Аман-эсен жүргөнү

Көп колдонгон сөзү — “Иий”

Баалаган саясатчысы — Мавлян Аскарбеков

— Айгүл айым, сиздин түшүнүгүңүздө аялзатынын сулуулугунун сыры эмнеде?

— Аялзатынын сулуулугу бул жашоодо абдан зор мааниге ээ. Аялзаты жаралганда эле сулуу болот. Ошол сулуулукту даңкташ үчүн өзүн тыкан, таза, оор басырыктуу алып жүрүү зарыл. Аялзатынын сулуулугуна жашоодо көптөгөн сырткы жана ички факторлор таасирин тийгизет. Сулуулукту алдын алуу үчүн маанайды ар дайым көтөрүп, капаланбай, жинденбей, кайгырбаш керек.

— Өзүңүз сулуулугуңузга кандай кам көрөсүз?

— Мен сулуулугумду, жаштыгымды сактап калуу үчүн болгон аракетимди жумшайм. Көпчүлүк учурда өзүмдү позитивдүү маанайда алып жүрөм. Негативдүү нерселерди өзүмө жакын кабыл албайм. Уктаганда көмкөрөмөн жатпайм. Күнүгө жатаарда чалкаман жатып, бир калыпта уктаганга көндүм. Көмкөрөсүнөн жатып уктаган адамдардын жүзүнө, денесине көп бырыш түшөт. Күлкөндө, ырдаганда дагы келбетимди бырыштырбаганга аракеттенем. Өзүмдү дайыма контролдоп турам.

— Адамдардын сырткы сулуулугун баалайсызбы же жан дүйнөсүнүнбү?

— Алгач адамды көргөндө мен анын сырткы сулуулугун эмес, ички сулуулугун, адамгерчилигин билгим келет. Көчөдө абдан сулуу бирөө жарым өтүп бара жатса, ал адам кандай экенин билбейбиз. Качан гана таанышып, сүйлөшкөн соң анын ички сулуулугун билебиз. Бирок, менин баамымда көпчүлүк адамдар адамдын сырткы келбетине, тулку боюна көп көз жүгүртүшөт. Аны менен мамиле кыла келгенде ал башкача адам болуп чыга келет.

— Жасалма сулуулукту пайдаланып, пластикалык хирургдарга кайрылып көрдүңүз беле?

— Кээде операция жасаткым келет. Бирок, Кудайдан корком. Биздин ар бир кадамыбыз Кудайдын колунда. Ар кимдин айтканына көнүп, жеңил ойлуулукка барып кетем. Кайра ойлонуп, артка кычайып баш тартам. Канчалык жасаткың келсе дагы кайра ошол эле учурда негативдүү нерселерин көрүп жийиркенип кетем.

— Көпчүлүк учурда кайсы фирманын косметикалык каражаттарын колдоносуз?

— Ар кандай косметикалык каражаттарды колдоном. Себеби, косметикалык каражаттарымды тез-тезден алмаштырам. Мага көбүнчө “Жаде” фирмасынын косметикалык каражаттары жагат. Боёкторумду түгөнүшүнө жараша улам жаңыртып турам. Тоналдык бет майларым, атырларым, ооз боёгучтарым эки айда түгөнөт. Түгөнгөн учурда гана косметикалык каражаттарымды толуктабасам алдын ала сатып албайм.

— Сиздин териңизге жакпай калган косметикалык каражаттарды эмне кыласыз?

— Териме жакпай калган косметикалык каражат болсо аны колдонбойм. Сиңдилериме, туугандарыма берип көрөм аларга жакса биротоло колдонууга берип коём. Жакпай калса ыргытып жиберебиз.

— Ар дайым жаныңызда жүргөн косметикалык каражат барбы?

— Мага косметикалык каражат керек болгон учурда гана баарын жаныма алып жүрөм. Ал эми үйдөн макияж жасап чыксам, сөзсүз жанымда күзгү, ооз боёгуч жанымда болот. Концерт, сьёмка, фотосессия же клип тарттыруу иштери болгондо гана боёнбосом, дайыма боёнуп жүрбөйм.  — Тырмагыңызга маникюрдун кайсы түрүн көбүрөөк колдоносуз?

— Ар кандай колдоном. Көбүнчө “френч” колдоном. Француз маникюрун көп жасайм. Анткени, ал тазалыктын, назиктиктин символу. Өтө ачык түстөрдү колдонбойм. Тырмагымды өзүм эле боёп коём. Себеби, тырмактарымды аяп кетем.

— Чач жасалгаңызды тез-тезден өзгөртүп турасызбы?

— Ооба. Бир жылда көп ирет өзгөртөм. Кызыл, кара, сары, күрөң кылып боёдум. Бирде узун, бирде кыска кылып кырктым. Бирок, мага чачымды каре кылып алып жүргөн жагат. Кыска чач абдан ыңгайлуу. Алыска гастролдорго чыкканда баш жууганга шарт болбой калат. Кыска чачка бир чач жасалга жасап койсоң ал эки күнгө чейин бузулбай жүрө берет.

— Сиздин сулуулугуңузга суктангандар кандай комплименттерди айтышат?

— Мени теледен көргөндөр аябай толук кыз экен деп билишет. Негизи телеге чыкканда экран көлөм берип, адамды бир аз толук көрсөтөт эмеспи. Аны түшүнбөй калгандар мени чоң кыз ойлошот экен. Анан жандуу көрүшкөндө өңүмдү карашып “Иий сен кичине, арык эле кыз турбайсыңбы. Анан неге теледен аябай толук көрүнөсүң?” деп таң калып кылышат. Мен болсо “Белим кылдай бетим айдай” деп тамашалап күлүп калам. Көбүнчө көзүмө, тулку боюма карата жагымдуу комплимент сөздөрдү угуп турам.

— Спортко болгон табитиңиз кандай?

— Спорт менен машыккым келет. Бирок, абдан жалкоомун. Спорт менен тап такыр машыкпайм.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

 Faceboo

Аргумент.kg
Жооп калтыруу