СҮРӨТ«Бутубузга кирпич коюп, темир зым менен сабачу»: Сокулукта өгөй атадан катуу токмоктолгон эгиздер ооруканага түштү.

Сокулук районунда 10 жаштагы эгиз кыздар өгөй атадан ур-токмок жеп, жаракат менен ооруканага түшүштү. Сокулук райондук аймактык ооруканадан билдиришкендей, эгиз кыздарды ооруканага милиция кызматкерлери жеткиришкен.

«26-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында аталган эгиз кыздарды милиция алып келген. Кыздардын айтымында, аларды өгөй атасы сабап жүрүптүр. Учурда абалы жакшы», — деп билдиришти дарыгерлер.

Ал эми эгиздер: «Өзүбүздүн атабыз биз төрөлө электе эле каза болгон экен. Бул өгөй атабыз. Күндө ичип келип, бизди сабайт. Үйдү убагында жыйнабайсыңар деп, быша элек буурчакты жерге чачып, ошого тизелетип отургузуп, андан соң балтырыбызга жана саныбыздын ортосуна кирпич коюп койчу. Антеннанын темир зымы, электр чубалгынын зымы менен сабачу. Бир жолу качып кетүүгө да аракет кылдык. Биз болду үйгө барбайбыз.

Биз агам болуп талаага картошка тергени бирөөлөрдүкүнө барып, акча тапчубуз. Агам жолдун ары жагындагы дүкөнгө чуркап өтүп, кайра бери чуркаганда унаа уруп кеткен.

Биздин Сезим аттуу дос кызыбыз денебиздеги көк алабызды көргөндө ата-энесине айтып, алар тааныш милицияга билдиришти. Ооруканага ошол милиция алып келди. Ал болбосо ооруканага келмек эмеспиз. Бизди эч ким алып келмек эмес. Апам байкуш болуша албайт, ал коркот. Атам бизди сабаган учурда апамды киргизбей, үйдү бекитип алат», — деп билдиришти.

Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Карабаеванын айтымында, эгиздер кошуналарынын жылкы, шайтан араба жана башка буюм-тайымдарын уурдачу.

«Бул кыздар боюнча «102» кызматына маалымат түшүп, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери менен чогуу үйүнө бардык. Кыздардын абалын көрүп, апасы арыз жазабы десек, жазган жок. Ошол себептен биз анын ордуна балдарды коргоо бөлүмү катары РИИБге арыз жаздык. Антпесе атасынын кылыгы боюнча иш каралбайт. Биз барганда атасы соо экен, а бирок мурунку күнү ичиптир. Кыздар 3 жашка чыкканда өз атасы каза болуптур.

Короосунун ичи сырттан көрүнбөйт, дубалдары бийик. Ичинде эмне болуп жатканы билинбейт. Бул кыздар жылкы, шайтан араба, идиш-аяк уурдашчу экен. Уурдап келген шайтан арабаны башка өӊгө боёшуптур. Ошол себептен апасы буларды жазалап уруп койгон. Ал эми өгөй атасы эмне себептен мынчалык урганын билбейбиз.

Кыздардын мындан аркы тагдыры боюнча керектүү иш кагаздарды даярдап жатабыз. Аларды атайын жайларга которобуз», — деди ал.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жергиликтүү жашоочулар милиция кызматкерлерине кыздардын сабалгандыгы тууралуу билдиришкен.

«Ошонун негизинде аймактык тескөөчү алардын үйүнө барып, кыздардын сабалганын көрүп, өзү ооруканага жеткирген. Кыздардын апасына «арыз жазасызбы?» десе, ал «жок» деп баш тарткан. Мындай учурда милиция кызматкери райондук социалдык кызматкерлерге билдирет. Андан кийин социалдык кызматкерлерден арыз алынган. 35 жаштагы өгөй ата Ш.А. ошол эле жерден кармалып, камакка алынды.

Ошондой эле КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Азыркы маалда тергөө амалдары жүрүүдө. Кыздар уурулук боюнча милициянын тизмесине түшкөн эмес», — деп билдирди аталган түзүмдөн.
 БУЛАК: .turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу