«СҮЙӨМ, БИРОК КОЛУМДАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕЙТ»

Телефонума СМС келгенинен ойгонуп кеттим. Көзүм илинип кеткен экен, саатты карасам 12ден өтүптүр, тааныш номер. – Кандайсың? Жөн эле кабарыңды билгим келди… Бул билдирүү көзүмдү умачтай ачып, жүрөгүмдү аңтар-теңтер кылып салды. …Жайдын күндөрүндө университеттен чыгып бараткам, көңүлүм куунак болчу. Азыр себебин деле эстей албайм. Өзүмчө бактылуу болуп баратсам, маңдайымда келе жаткан жигиттин көзүнө урундум окшойт, бир карап өтүп кеткен. Кайра кайдан-жайдан пайда болуп, «номериңди бербейсиңби, татынакай экенсиң» деген «дежурный» сөздөрдү жаадырып катар басып калды. Келбети жаккан жок, мурду барбайган, көзү бүтүк, толук, менин табитимде эмес. Бирок үнү, жылмайса бир изюминкасы бар. Көп жактыра бербесем да өзүнө жараша тамашалашып койдум. – Атым Эрмек, жүрөгүм бопбош, сиздей сулуу туш болсо деп издеп жүрөм. Бир болсо таптым окшойт,- деди тамаша аралаш. – Зарина,- биринчи оюма келген атты айттым. Ошентип бат эле тил табышып кеттик. Номеримди дароо берген жокмун, өзүмдүн принцибим бар эле, биринчи таанышкан жигитке номеримди берчү эмесмин. – Дагы бир жолу көрүшүп калсак, ошондо берем. Азыр убара болбо. – Мен сени араң тапсам, кайра жоготуп алгым келбейт. Номериңди бербесең да кайдан тапсам болот, «подсказка» берип койчу? – БГУда окуйм, болду, башка жардам бере албайм. Эрмек абдан өжөр болуп чыкты. Кийинки күнү эле жолумдан тосуп чыгып номеримди алды. Сыртымдан шайыр, шуулдаган кыздай көрүнсөм керек, кээде көңүлүм келип калса сөз менен жигиттердин айласын кетирип салчумун. Барган сайын Эрмектин алдында тилим байланып калчу болду. Тынбай СМС жазат, кино, ар жакка барып келели деп көп чакырат. Эрмектин бир нерсеси тартат да, кайра келбетин элестетип алып чыккым келбейт. Кааласам жолугушам, каалабасам жок. Баарына чыдайт, унчукпайт, болбойт десем СМС менен көңүлүмдү алат. Аны менен сүйлөшүү мага аябай жеңил. Ошентип көрүшүп-көрүшпөй жакшы тааныштардан болуп жүрүп эле жакын болуп кеттик. Билбейм эмнеге, барган сайын андан сезимин күтүп калдым. Качан мага сезимин айтат болду экен дейм, ал унчукпайт. Жакшы көргөн адамды айттырбай анын сөздөрүнөн, көздөрүнөн билсең болот дешет го, мен сезчүмүн, туйчумун. Кээде мени карап отуруп калчу. Байкап калсам, үн-сөзсүз акырын көзүн ала качат. Биз, кыздар, баары бир кулагыбыз менен сүйөт экенбиз да, сезимдерин туюп турам, көздөрүнөн окуп турам, бирок өз кулагым менен уккум келчү, ошол нерсе мага жетишпейт эле. Эрмектин сезимдерин күтүп отуруп жарым жылдан ашты, дагы деле аны менен жүргөнүмдүн себебин билбейм, акыры минтип күнүмдүк жыргалчылык менен жүргөндөн тажадым. Ачык деле сүйлөшө албадык, өзүмдү алыстатайын деп чечтим. Ал да мурункудай өжөрлүгүн кылган жок. Урушпай-талашпай эле сый мамиледе калдык. Кээде сагындым деп чалат, жолугабыз, тамактанабыз, мени көпкө катуу кучактап туруп анан кетет. Аны сүйбөйм дегеним менен, өзүмдү өзүм алдай албадым. Сүйүпмүн, Эрмек үчүн көп ыйладым. Тим эле эреркеп, көөдөнүмдө боштук болуп кеткенде СМС жазам, дароо жетип келет. Бир күнү жолугушубуз керектигин айтты. Куса болуп тургам, жолукпай коё албадым. Чыксам кучак толо розасын көтөрүп эч нерсе болбогондой жылмайып турат. Жолуктук, эмне үчүн десем, «просто» деп койду. Ал күнү машинасы менен кечки Бишкекти айланып жүрдүк. Сүйлөшүп отурдук, сейилдедик. Бир маалда машинасындагы сүрөттөргө көзүм түштү. Эрмек башка кыз менен кучакташып түшүптүр. – Ай-ий, бул кыз ким?- деп сыр берген жокмун. Өзүнө жараша сезимге алдыргым келчү эмес. – Айпери, ал экөөбүз жакында үйлөнөлү деп жатабыз. – Куттуктайм, бат эле табышып калгансыңар го? – Ата-энем тааныштырды. Жакшы кыз деп жатышат. Кармана албай калдым. Ушул кезге чейин айта албаган сөздөрүм чыгып кетти. – Анда мени менен эмнеге жүрдүң? Мен киммин сага?! – Сен жакшы кызсың,- болду, башка эч нерсе дебеди. Мени алдап жүрдүңбү деп да айта албадым. Анткени ал мага эч нерсе деп сөз берген эмес. Нервим чыңалып чыкты, чогуу өткөргөн бактылуу күндөрүм шурудай көз алдымдан тизилип өтүп көз жашыма ээ боло албай калдым. Үн-сөзсүз ыйлап отуруп бердим. Ошол биздин акыркы жолугушуубуз болду. Арадан 2 жыл өтүп эми өзүмө келип жаткандагым эле. Эми кайра минтип пайда болгонуна түшүнбөй турам. Угушумча, ал кызга деле үйлөнбөптүр. Мени эстегенинин себебин аңдай албай башым катты. Бир билгеним, жүрөгүм дагы деле кабынан чыкчудай согуп турат…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу