Сүйүү каттары: Кыздар эле эмес жигиттер да ыйлайт…

Чыныгы эркектер ыйлабайт десеңиз жаңылышасыз. Болгону жигиттер сезимдерин ачыкка чыгарууну жактыра беришпейт.

Биз тааныш жигиттердин сүйүктүүлөрүнө жазган каттарын окуп көрдүк. Анонимдүүлүктү убада кылып жарыялоо укугун алдык.

Сүйүү вирусун жуктурганыма бир ай болду

Түнкү саат эки.  Баары уктап жатат. А мен ойгомун. Потолокту карайм, кайра оодарылып телефонумду чукулайм. Акыркы 20 мүнөттөн бери ушинтип жатам. Оюмдан кетпей койдуң. Бирөө көрсө мени анык жинди деп ойлойт. Билбейм, сени эстесем эле жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Өзүмдү кичинекей баладай сезип жатам.

Ордуман турдум. Терезеге жакындадым. Эмнеге билбейм. Сыртты карадым. Сага жазгым келди. Уктап жаткандырсың. Ойготуп алам деп чочуладым. Эки жумадан бери “Салам” деп 1000 ирет терип, 1000 ирет өчүрдүм. Жооп бербей коёсуң деп корком. Тамак да ичким келбей калды. Апамды кыйнап койдум окшойт. Байкушум, мени ооруп калса керек деп жатат. Мен оорулумун. Сүйүү вирусун жуктурганыма бир ай болду. Дарысы сенин колуңда. Кой жатайын. Эртең жазам, сөзсүз жазам, жазбасам эркек эмесмин.

Кайрат, 18 жаш

Күндөлүк барактарынан

1-октябрь, 2018-жыл, саат 22:03

4 жума. Бугүн сени көрбөгөнүмө 4 жума болду. Унута элекмин. Кокус көрүнө калсаң, баарын башынан баштамакмын. Көрүнбө. Суранам, көрүнө көрбө.

Үйгө келээрим менен диванга кулайм. Сен жөнүндө ойлор, кечкисин мени ушинтип кулатат. Башым оор, жүрөгүм бош.

“Сен жок деле бактылуу боло алам” дегенсиң. Азыр бактылуусуңбу?

Акылбек, 22 жаш

Сулуу эмессиң, бирок сүйөм

Чарчадым. Уффф… Болду сагынбайм. Сагынсам да айтпайм, мындан ары күлүп жүрөм. Көрөсүң, ошондо кыйналасың. Эмнеге ал, а мен эмес… Таарыныч ичимден жеп жатат. Сен аны ээрчип кеттиң. Ал менчелик сүйбөйт. Муну билсең деле керек. Кайра келсең кабыл албайм. Сүйсөм да кабыл албайм. Сулуу деле эмессиң, акылдуу деле эмессиң. Мени эмне кылып койдуң? Сага тартыла берем. Сүйүп калганымды мойнума алгым келбейт. Албайм. Сен аны ээрчип кеттиң. Кийин өкүнөсүң. Күнөө өзүңдө. Мен кеттим. Рейсим келип калды.

Тынар, 24 жаш

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу