Сүйүн Өмүрзаков ички иштер министри болобу?

Учурдагы Ички иштер министри Улан Исраилов президенттик шайлоодон соң кызматын өткөрүп берээри айтылууда. Ордуна орун басары Сүйүн Өмүрзаков министр болоору тар чөйрөдө талкууланып, чечилип калыптыр. Азыркы кезде Сүйүн мырза президенттик шайлоонун эртерээк ыр-чыры жок аякташын күтүп, убакыт өткөрө албай турган чагы. Иштейм деген киши да. Улан мырза болсо УКМКны жетектеп калышы мүмкүн экен. Ал эми Абдил Сегизбаев президенттик аппараттын башчысы кызматына бараары кеп болуп жатат. Мүлк фондунун башчысы Болсунбек Казаковдун ордуна Талас облусунун жетекчиси Дайыр Кенекеев келип калышы ыктымал болуп турат.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу