«90-60-90» деп ырдаган Кундуз Канатбек кызы эне статусуна ээ болду. Бул тууралуу ырчы Асель Кадырбекова өздүк баракчасына жазып чыкты. Анда ырчы айым курбусу Кундузга төмөнкүчө куттуктоо жазып калтырды:
«Кундуз Канатбекова эне статусун алышыңыз менен куттуктайм. Кандай бакыт! Кызыңыздын ден соолугу чың жана бактылуу болсун», -деп билдирет ырчы Асел.
Мындай кубанычтуу кабарды окуган интернет колдонуучулар ырчы Кундузга бакыт каалап , Асель Кадырбековага да каалоо тилектерин жазып калтырышты.
БУЛАК: argument.kg