Сүйүнчү, депутат Токтошев сүйлөдү

Балык депутаттардын катарын толуктаган Токтошев мырза тилге келип,ооз ачып сүйлөп өз оюн ортого салды.

Эмне?-деп сурасаңыздар , ал кишинин арманы такыр башка жакта экен. Көрсө анын оюу боюнча “декларация толтуруу” деген немени кайдан ойлоп таптыңар?  “Депутаттарды текшергениңерди токтоткула” деген маселени кыйытып айтып, байлыгын жашыруунун амалы кылып жатканы даана эле байкалып калды.

“Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” дегендей, өкмөт элдин акчасын жеп байыгандарды ооздуктай албай убара болуп жатса, тиги киши “жөн иштеп жаткан депутаттарды эмне эле убара болуп текшерип жатасынар” деп ошого жаны кейип жатканы “эл эмне болсо ошо болсун, биздин байлыкка көз артпагыла” деп илгерки бай-манаптардай көр дүнүйөсүн сактап калуунун жолун издегендеги амалы билинди.

Эх, деги ичи кара, өз элине кара санагандардан качан арылат болдук экен?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу