Сүйүктүүңөрдөн ажырабагылачы! Темир Жумакадыровду жубайы ыр менен эскерген видео

Бүгүн көзү тирүү болгондо вице-премьер Темир Жумакадыров 39 жашка чыкмак.

Ал өткөн жылдын 7-октябрь күнү Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам көз жумган. Кырсыктан вице-премьердин жардамчысы жана айдоочусу да каза тапкан.

Маркумдун туулган күнүнө карата жубайы Нора Сүйүналиева ыр жаздырып, видеоролик даярдаган. Көзгө жаш алдырган видео сүйгөндөргө жана сүйүктүүлөргө, арзыгандарга арналат.

Буга чейин Нора Сүйүналиева жолдошунун жасалбай калган иштерин улантып, коррупция менен күрөшүү максатында вице-премьер Темир Жумакадыровдун атынан «Pro Lex» аттуу коомдук фондун түзгөн.

Мурдагы вице-премьердин жубайы учурда Жумакадыровдун өмүр жолуна арналган китеп жазылып жатканын жана фонду менен китептин расмий түрдө ачылышы ушул жылдын сентябрь айында өтө турганын айткан.

Жумакадыров кабылган кырсык боюнча февраль айында сот болуп, анда Москва райондук соту аны менен дагы эки кишинин өмүрүн алган кырсыкка себепкер айдоочу Таалайбек уулу Автандилди 10 жылга эркинен ажыраткан. Андан сырткары мамлекетке 2,1 миллион сом айып төлөтүү чечимин чыгарган.

https://youtube.com/watch?v=sYT4fSlU6ak

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу