Сүйдүргөн 36 суроо

Психолог Артур Арон 1997-жылы таптакыр жат адамды таанууга жардам бере турган 36 суроону түзгөн. Андан 20 жыл өткөндөн кийин Мэнди Лен Кетрон 36 суроонун күчүнө көз жеткирип, өзү «төрт мүнөт бою бири-биринен көз албастан карап отуруу» деген акыркы пунктту кошту. Бул суроолорду бейтааныш адамга берип отуруп, өзүңүз да жооп берип туруңузга болот. Же бири-бирин тааныбаган кыз менен жигитке башка бир адам берсе да болот. Ошону менен, ашык болуу үчүн төмөндөгу 36 суроо жардамдашат:

1. Дүйнөдөгү бардык адамдар сиздин колуңузда болсо, түшкү тамакка кимди чакырар элеңиз?

2. Сиз атактуу болгуңуз келет. Аны кандай ишке ашырат элеңиз?

3. Бирөөгө коңгуроо чалардын алдында эмне айтарыңызды бүт ойлонуштуруп койгон кезиңиз болдубу? Эмне үчүн?

4. Эң керемет күндү кандай элестетесиз?

5. Жалгыз калган кезде акыркы жолу качан ырдадыңыз? Ал эми бирөөгөчү?

6. Токсон жашка чейин жашасаңыз, 60 жаштагы акылыңыз менен 30 жаштагы сулуулугуңуздун кайсынысын тандайт элеңиз?

7. Ажалдын кандай келерин сезесизби?

8. Мага жана сизге орток болгон үч белгини айтып бере аласызбы?

9. Өмүрдө эмнеге карызсыз же болбосо баардыгынан да эң көп эмнеге шүгүр кылдыңыз?

10. Эгер сиздин колуңузда болсо, өзүңүздү кандай тарбиялар элеңиз?

11. Мага 3 мүнөттө өз жашооңуз тууралуу эмне айтып бере аласыз?

12. Эртең эртең менен сизде жаңы жөндөм пайда болду десе, эмне кылаар элеңиз? Кандай болор элеңиз?

13. Эгер сизге өзүңүз, өмүрүңүз, келечегиңиз тууралуу болгон чындыкты айткан хрусталь шар берсе, эмнени билгиңиз келет?

14. Мурунтан кыялданган нерсеңиз барбы? Азыркы күнгө чейин эмнеге аткарылбай келет?

15. Жалгандагы жалгыз жеткен ийгилигиңиз?

16. Достукта эң кадырлуусу эмне?

17. Эсте калган эң жакшы нерсе эмне?

18. Эсте калган эң коркунучтуу нерсе эмне?

19. Бир жылдан кийин көз жумарыңызды билсеңиз, эмнени өзгөртөт элеңиз? Эмнеге?

20. Сиз үчүн достуктун мааниси кандай?

21. Жактыруу менен сүйүүнүн сиз үчүн кандай маанииси бар?

22. Менин беш жакшы касиетимди айтып бериңизчи.

23. Сиздин үй-бүлөңуздө мамиле кандай?

24. Апаңыз менен болгон мамиле тууралуу эмне айта аласыз?

25. «Биз» деп башталган үч чыныгы жагдайды айтыңыз. Мисалы, «Биз экөөбүз тең … сезебиз»

26. «Мени менен … бөлүшө турган адамым болгонун каалаймын». Сүйлөмдү толуктаңыз.

27. Эгер мен сиздин эң жакын досуңузга айлансам, эң алгач эмне билгиңиз келет?

28. Сизге менин кандай мүнөзүм жагат?

29. Өзүңүздү жашоодо ыңгайсыз калган учуруңузду же уялткан нерсени бөлүшүңүз.

30. Адамдардын көзүнчө акырк жолу качан ыйладыңыз? Ал эми жалгыз калгандачы?

31. Менин (же болбосо досуңуздун) кандай сапаты сизге жакты?

32. Сиздин оюңузча кандай темада тамашалашууга болот?

33.Эгер өлүп кала турган болсоңуз, кимге эмнени айтпай калдым деп өкүнөр элеңиз? Жана ушул күнгө чейин эмнеге айтпадыңыз?

34. Үйүңүз өртөндү дейли, жакындарыңыз менен үй жаныбарларыңызды куткарып жетиштиңиз, эми бир гана нерсени алууга мүмкүндүк бар. Ад эмне? Себеби?

35. Туугандарыңыздын арасынан кимдин өлүмү эң катуу тийет эле?

36. Мага бир проблемаңызды айтып, чечимин сурап көрүңүз. Ал бул жагдайда эмне кылаар эле? Жана бул боюнча ал кандай ойлоорун сураңыз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу