Сүйгөн жигит жасабай турган 7 иш…

Сүйүктүүңүздүн өзүңүздү сүйөөрүн же сүйбөйгөндүгүн кантип билсе болот? Карап көрсөк:

Ал сизди күнөөлөбөйт

Эгер мырза сизди сүйгөн болсо ал өз катачылыктарын моюнга алат. Керек болсо сиздин каталарыңызды да өзүнө алууга даяр турат.

Ал сизди кордобойт

Мамилеңиз катуу чиелешип кетсе да сизди сүйгөн адам кордобойт.

Сиз ал үчүн эч качан экинчи орунда болбойсуз

Сүйгөн адам үчүн сиздин керектөөлөрүңүз да өзүнүкүндөй маанилүү. Эгер ала сиз менен эмес, достору менен жүргөндө, видео оюндар ойногонду, балыкка барганды жакшы көргөн болсо ал сиздин батырыңыз эмес.

Ал сиздин жаныңызды оорутпайт

Сизди сүйгөн мырза сиздин кемчиликтериңизди башкаларга айтпайт, шылдыңдабайт.

Ал сиздин артыңыздан сөз айтпайт

Ал ата-энесине да, досторуна да сизди жамандабайт.

Ал калп айтпайт

Жакшы мамиле ишеним менен куралат. Чын сүйгөн адам алдабайт жана башкаларга барбайт. Ал таттуу калптан көрө, ачуу чындык жакшы экенин билет.

Ал сизди жашоосунан чийип таштабайт

Керек болсо романтикалык мамилелер өтүп кетсе да ал сиздин досуңуз болуп калууга тырышат.

БУЛАК:.zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу