Сүйгөнүңүз таштап кетсе эмне кылуу керек?

Сүйгөнүңүз таштап кеттиби? Жашооңуз кызыксыз болуп калдыбы? Күндө сүрөтүн тиктеп олтуруудан чарчадыңызбы? Эмне себептен таштаганын билбей калдыңызбы? Анда психолог Ильдар Акбутиндин кеңештерине кулак салыңыз. Алар жаралуу жүрөгүңүздү даарылап, жаңы жашоо баштоого дем-күч берет. 

  • Канчалык көп ажырашууну ойлоно берсеңиз, ал ошончолук чоңое берет. Жатып алып кайгыруу биринчи убактарда пайдалуу. Ал эми бул нерсе айларга созулуп кетсе, жаратыңызды ырбатат. Курмандык болуудан качыңыз. Активдүү болуп, өзүңүзгө жаккан нерсени кылыңыз.
  • Баардыгын өткөн чагыңызга калтырып, келечекке багыт алыңыз.
  • Күтүүдөн алыстаңыз. Жашоо көп учурда акыйкатсыз. Өнөктөшүңүзгө болгон ачууңузду, көңүл калуу сезимине алмаштырыңыз.
  • Өзүңүздү алсызмын деген мифтен алыстатып, сүйүүңүз алсыз деген далилди кабыл алыңыз.
  • Жарааттар өлтүрбөйт. Бирок ошол эле убакта күчтүү кылып да койбойт. Жараат болгону оору. Аны тереңдетип албаңыз.
  • Элдерден оолактап, өзүңүздү камап койбоңуз. Жакындарыңыз менен мамиледе болуңуз. Аларга кандай абалда экениңизди айтыңыз.
  • Сүйүүдөн калган жараатка жылдарды коротуунун кереги жок.
  • Сиз дагы сүйүүгө жолугасыз. Сүйүү жараатына, сен сүйүүгө татыктуу эмессиң деп айтышына жол бербеңиз.
  • Өзүңүзгө болгон бааны жана күчүңүздү калыпка келтириңиз. Адистин жардамына кайрылсаңыз дагы болот.
  • Эгерде жүрөгүңүздү ооруткан адам менен мамиледе болсоңуз, чогуу адиске кайрылыңыздар. “Сен күнөөлүсүң, мен сенден сатисфакция күтүп жатам” деген оюнга кармалып калбаңыздар. Башыңыздардан өткөн абалды анализдеп, келечекке болгон планды өзгөртүңүздөр.
  • Сүйүү жараатын өсүү точкасына айлантыңыз. Кандайча десеңиз: жашооңуздун урашы эмес, жаңы нукка бурулушу катары кабыл алыңыз.
  • Толугу менен сакайуу үчүн өзүңүзгө убакыт бериңиз. Болгону азап тартууну узакка созуп жибербеңиз. Сакайуу менен бирге, келечекке пландарды коюңуз.
  • Уялуу сезиминен алыстап, башыңыздан өткөн окуяны бирөөлөргө айтуудан тартынбаңыз. Мүмкүн сиздин тажрыйба, башкаларга үлгү болот. Мүмкүн пост же китеп жазасыз.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу