Сьездбек Искеналиев: “Сени сүйөм, кыркынчы жипке муунуп өлөм…”

Белгилүү ырчы Сьездбек Искеналиев жакында эле “Эркин эл” аттуу ырдын бет ачаарын Нооруз майрамында ырдап чыккан эле.

Кечээ ал фейсбуктагы баракчасына “Жакында! Жаңы клип! “Кылыктанасың!” деп жазды да жаны клиптин кыскача видеосун элдин назарына сунду.

Клипте Сьездбек Искеналиев жаш кыз менен ресторанда отурганы, ага жалынып жалбарганы бар :”Мен сени сүйөм, мен сен дегенде кыркынчы жипке муунуп өлөм…” деген сөздү жана элди кызыктыруучу жагдайды калтырып, клипти аягына чыгарган эмес.

Анын бул кыскача видеосун көргөндөр тамашалуу пикирлерин жазып, күлгөндөрүн билдиришти.

Эскерте кетсек, ырчылардын ичинен тынбай изденип, эмгектенип, жаныча заманбап клиптерди чыгарып, эски ырларды жаңылаган ырчылардын катарын толуктаган Сьездбек Искеналиев.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу