Сыргак Абдылдаев, журналист: “Биздин карапайым адамдар “Бакиевдер өз элине ок аткан” дешсе менин күлкүм келет. Жок. Мен кыйытпай эле ачык айтам. РИО баштаган Убактылуу өкмөттөгүлөр атышкан”

Алмаз Атамбаевдин тарапкери, журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн Фейсбук социалдык тармактагы баракчасында 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча пост жазып, ал Фейсбук колдонуучулардын арасында талкуу жаратты:

“Биздин карапайым адамдар “Бакиевдер өз элине ок аткан” дешсе менин күлкүм келет.

Менин кымбаттуу кыргыздарым, 2010-жылы апрелдеги аянтта силердин балдарыңарды, бир туугандарыңарды жана аталарыңарды чындыгында кимдер атып өлтүргөнүн арадан 7 жыл өтсө да алигиче түшүнгөн жоксуңарбы?

Сиздер бүгүнкү күнгө чейин апрелдеги аянтта тынч митинг өткөрүп жаткан кыргызстандыктарды чындыгында кимдер атканын билбейсиңер. Сиздер али күнчө ошол апрель кырылышында элге ким ок атканын азыр ким жана эмнеге аларды тапкысы келбей жатканын түшүнгөн жоксуңар. Сиздер алигиче 2010-жылдагы Ош кыргынынын чыныгы күнөөкөрлөрү ким экенин түшүнбөдүңөр. Сиздер алтургай Бакиевдерди ким жана кандай максатта бийликке алып келгенин азырга чейин түшүнгүңөр келбейт.

Менин бир боор кыргыздарым, сиздер мына ушул суроолорго жооп тапмайынча эч бир максатыңар ишке ашпайт.

Ляля Шермухамедова: Сыргак, сиз кыйытып болсо да ким экенин айтып койбойсузбу, антпесеңиз, биз жанагы “Поле чудес” оюнундагыдай ал ким экен деп төлгө ачып, жоромолдоп олтурабызбы? Үчүнчү күчтөрбү?

Сыргак Абдылдаев: Жок. Мен кыйытпай эле ачык айтам. РИО баштаган Убактылуу өкмөттөгүлөр жана бүгүн парламентте олтурушкан айрымдар атышкан. (РИО – Роза Исаковна Отунбаева – ред.КТ).

Талант Сарыбаев: Далыны тешип өткөн жараларды эске алсак митингичилерди артынан атышкан. Демек атайын уюштурулган чагым болгонбу?

Сыргак Абдылдаев: Жок. Эч кандай чагым деле болгон эмес.

Талант Сарыбаев: Бирок далысына, артынан атып жатышпайбы?

Сыргак Абдылдаев: Туура. Бирок артынан атылгандар уюштурулган чагымдын далили эмес да.

Талант Сарыбаев: Анда митингичилерди эмне максатта артынан атышкан?

Сыргак Абдылдаев: Бир сөз менен айтканда көзгө атарлык (снайпердик) өнөрдүн сырларын окуп үйрөнүңүз.

Талант Сарыбаев: Арт жагынан ок тийгендердин денесинен алынган октор снайпердик винтовкалардын огу эмес болуп чыккан.

Юлия Барабина: 7-апрель боюнча көп нерсени талашса болот, бирок митингичилерди атууга Бакиевдер буйрук бергени менимче талашсыз.

Сыргак Абдылдаев: Жаныш буйрук бергени эч кандай шек туудурбайт. Ал өзү да ошондой буйрук бергенин айткан. Маселе башкада – эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин ошол аткан адамдар табылган жок. Аткычтар жана куралдар гильзалары менен абага сиңип, тарап кеткендей жок болушту. Мындай болбош керек эле! Мындан кандай жыйынтык чыгарса болот?

Чинара Айтбаева: Эгер сиз билсеңиз, баарын ачык эле айтпайсызбы…

Нурбек Чымбаев: Баардык “түстүү революцияларда” сырдуу снайперлер катышат. Революциядан кийин алар дегеле болбогон сыяктуу тез эле алар тууралу унутуп калышат.

Эсен Козубаевич: Анда ким?

Вадим Ночёвкин: Мен өз убагында “Апрель окуялары” боюнча соттун өкүмүн аябай көңүл буруп окуп чыккам. Кыскача жыйынтыктап айтканда мындай: “Альфа” жана “Арстан” атайын отряддарынын жоокерлеринин адамдарды массалык өлтүрүүгө тиешеси бардыгы боюнча далилдер табылган эмес. Ошондуктан сот аларды актоого аргасыз болгон. ИИМдин бул окуяга тиешеси бар экендиги тууралу версияны эч ким олуттуу текшерген эмес, кыязы, Убактылуу өкмөт “менттердин” таасирдүү кастасы менен мамилесин бузгусу келбесе керек. Анан көтөрүлүшчүлөрдүн өздөрүнүн огунан каза болгон айрым (айрым!) фактылар калкып чыккан. Кокустан болсо керек. Эң башкысы – күбөлөрдүн жана соттолгондордун Ак үйдө бейтааныш формадагы адамдардын пайда болгондугу тууралу айткандары ачылбай калды. Алардын ичинде негрлер да бар болчу. Бул Бекназаровдун снайперлерди кармашкандары тууралу айткандары менен таңгалыштуу дал келет. Ал снайперлердин андан кийинки тагдырлары эмне болгонун да эч ким билбейт. Кармалган эле жеринен бир жалданма чечендиби же негрдиби сабап өлтүрүп салышканы тууралу имиштен башка эч нерсе жок. Анткен болушса анда алардын сөөгү кайда? Кыскасы өтө ылайланып кирдеген окуя болуп калды.

Сыргак Абдылдаев: Вадик, бул айткандарыңа “Манас” аэропортунан 8 лимон ($ 8 млн – редакция КТ) менен кармалган Бульдозердун окуясын кошсоң баары түшүнктүү жана күлкүлүү болот…

Вадим Ночёвкин: Табигый революциялык процесске кимдир бирөөлөр келип аралашкан деген ой жалгыз эле менде эмес, башкаларда да бар. Кызык, ушунун баарын так билген киши бар бекен?

Сыргак Абдылдаев: Менин унчукпай эле койгонум жакшы. Мен өз согушумду аяктадым.

Вадим Ночёвкин: Башканы деле күткөн эмесмин…

Сыргак Абдылдаев: Вадим, менин бир эле өмүрүм бар. Ал эми бул “революционерлердин” көбү кудайдан жөө качкан жан кечтилер. Булар үчүн адам өлтүрүү Жаныш сыяктуу эч нерсеге арзыбаган нерсе. Күтө турсаң көрөсүң, Атамбаев оюндан чыгары менен булар чекесинен өлтүрө башташат.

Вадим Ночёвкин: Же тескерисинчеби? Кутулдук деп желкелерин кең жайып калышабы?

Эсен Козубаевич: Же эмне болот?

Олежка Вольнев: Белгилүү болгондой ал далилдерди Бекназаров менен Шерниязов жаап-жашырышкан.

Фото: КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматыныкы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу