Сылык башчы, сыпайы өкмөт

Өкмөт башчы болуштун да түйшүгү бар, эй! Ызы-чуу, интрига, ар кимди жумуштан алып жаман көрүнбөй, ар кимди жумушка коюп майламай… Айтор тынчтык жок. Өлкө ичиндеги кырдаалдар да кычап бир жагынан кычышып туруп алат. Бирок негедир өкмөт башчынын тынчтыгы анын мүнөзүнөн көз каранды деген ой да келет. Дегеним, мүнөзү чуулгандуу өкмөт башчынын учурунда өлкөдө да чуу, мүнөзү былжыраган өкмөт башчынын өлкөдө абал эзили-иип, айтор баары өкмөт башчынын табиятына жараша.

Маселен, Жоомарт Оторбаев эле ызы-чуусу жок өкмөт башчы  болгонбу деген ойго келдик. Чындыгында Жоомарт мырза бир чуулгандуу ишке аралашпаганга аракет кылып, өзүн баардык маселеден обочо кармады. Өтө сылык, сыпайы Жоомарт мырзанын учурунда да жаралган кырдаалдар сылык-сыпайы чечилип турчу. Азыр деле көп маселени дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылабыз. Дегеним, Өкмөт башчыны тандаарда да мүнөзүнө карасакпы ыя? Кийинки өкмөттөрдү тандоодо кокус аңги-дөңгү бирөөнү коюп алсак, мамлекет менен аң-дөңдө калбайлы…

Булак: «Де-Факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу