Сыймык Бейшекеев: Аялдаманы көрүп өзгөчө сүйүнгөм

— 1991-жылы жогорку окуу жайга окуу максатында Токтогулдан борборго келген кезим. Шаарды буга чейин документ тапшырууга келгенде көргөнүм болбосо, эч жерин билбейм. Туугандарымдын дайындаганы боюнча Токтогулдан келген автобустан түшүп эле келген жолумдун карама-каршы бетине өтүп, 7-автобуска түшүп төрт аялдамадан соң түшүшүм керек болчу. А мен шаарда бир эле автобус болот деп ойлогон окшоймун, ошол эле тараптагы аялдамага сары түстөгү автобус келип токтосо, шашкалактап барып түшүп эң арткы орундукка олтуруп алдым.

Азыр эстесем, Аламүдүн-1 кичирайонуна жеткенде адашып кетип бара жатканымды сезип, көзүмө жаш тегеренип кетти. Эмне кыларымды билбей кетип баратсам айдоочу микрофон аркылуу качан түшөрүмдү сурады. Же “адашып кеттим” деген сөздүн орусчасын билбейм. Айланамды карасам жүргүнчүлөрдүн бардыгы орустар. Ошондо айдоочу адашып кеткенимди билип бир аялдамадан түшүрдү да, эмки келген автобуска отурарымды түшүндүрүп берди. Кийинки келген автобуска түшүп алып автобуска кирген ар бир кыргыз жүргүнчүдөн: “Автобекетке барабы? Жеттикпи?” деп улам-улам сурай бердим. Акыры алыстан мурдагы тааныш аялдама көрүнгөндө Американы багындыргандай сүйүнгөнүмдү эстеп азыр күлөм. Ошентип үйдөгүлөргө адашканымды айткандан уялып, эч нерсе болбогондой үйгө кирип баргам.

Айгерим Токтобай кызы

Булак: «Леди кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу