Сыймык Бейшекеев АКШ элчилигине эмнеге кайрылды?

КР эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеев жаңы жылдан кийин эле үй-булөсү менен чет өлкөгө эс алып келгенин интернет баракчаларына сүрөттөрүн, видеолорун жүктөп элге кабарлаган эле.

Кечээ жакында ырчы фейсбук баракчасы аркылуу кыргызча, орусча, англисче пост жазып, АКШ элчилигине ыраазычылык билдирди:

“Урматтуу АКШ элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн эмгек жамааты. Мен, Сыймык Бейшекеев сиздерге чын жүрөгүмдөн чыккан ыраазычылыгымды билдиргим келди, мага жана менин үй-бүлөмө көптөн берки АКШга баруу кыялыбызды орундатып бергениңиздерге алкыш айтам. Кышкы жаңы жылдык каникул өтө жогорку деңгээлде болду, айрыкча Майамидеги эс алуу үчүн балдарымдын ыраазычылык кубанычында чек жок. Сиздерге дагы бир жолу ырахмат айтам жана АКШ менен Кыргызстан өлкөбүздүн ортосунда жасап жаткан достук ишиңиздерге гүлдөп өсүүнү чоң ийгиликтерди каалайм!!!”,- деп жазды.

Ошого удаа эле жакында 7-февралда Талас шаарына барып, “Таластык кыз” аттуу концертин бере турганын да кабарлады.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу