Суу камдап, ал суусуз калба

Бишкектин кээ бир райондорунда 2-апрелде саат 9.00дөн 17.00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Аэропорт» суу кампасында оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу Чыңгыз Айтматов, Лев Толстой, Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн ортосундагы аймакта суу болбойт. «Бишкек суу каналы» ишканасы башка учурда сууга байланыштуу көйгөй жаралса, төмөндөгү телефондорго байланышууну сунуштайт:

«Бишкек суу каналы» ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 0312 56-03-20; турак үйлөрдүн ичиндеги суу түтүктөрү боюнча: 0312 54-42-45, 54-42-44; сырткы түтүктөр боюнча заявкаларды «Шаардык суу түтүктөрү» ишканасы кабыл алат: 0312 44-95-97, 44-96-45.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу