Көпчүлүгү сууну көп ичүү организмге пайдалуу деп билишет. Туура, бирок өз
убагында жана өз ченеминде иче билүү кажет. Адам күнүнө 2 литр суу ичсе
жетиштүү болот. Андан ашыкчасы бөйрөккө ашыкча салмак жаратат.
1. Ойгонооруңуз менен 2 стакан сууну катарынан ичиңиз. Бул – организмдеги
кан айланууну жакшыртат;
2. 1 стакан сууну тамактанаардан жарым саат мурун ичиңиз. Бул- организмдеги
зат алмашуу процессин жана тамак-ашты сиңирүүнү жакшыртат;
3. 1 стакан сууну жуунардан мурун ичсеңиз, артериалдык кан басымды түшүрүп,
жуунуудан ырахат алууга жардам берет.
4. Уктаардын алдында 1 стакандан ашыкча эмес суу ичип алсаңыз, жүрөктүн
иштөөсүн жакшыртат. Бул ыкманы күндө сактасаңыз 95%га жүрөк оорусун алдын
алган болосуз
Булак: gezit.kg