Суук тийгенди дарылоонун табигый жолдору…

Эгерде сизге катуу суук тийип, дене табыңыз көтөрүлсө, анда сөзсүз түрдө жатып тердешиңиз керек. Демейде биз катуу суук тийгенде дароо эле дары-дармек ичип айыгуу жолдорун издейбиз. Адистер колдон келсе табигый жол менен айыгуунун жолдорун сунуш кылат.

Ал үчүн кургатылган малина жемиши менен дарыланыңыз. Мисалга, кургатылган малинанын үстүнө кайнатылган суу куюп, 20 мүнөттөн кийин ичүү керек.

Терди жакшылап чыгаруунун дагы бир ыкмасы: Бүлдүркөн жемиши менен липа дарагынын жалбырагын кошуп кайнатып, аны 30 мүнөткө коюп коюңуз. Даяр болгон аралашманы күнүгө уктаар алдында ичүү керек.

Эки грамм комфор майына 100 милиграмм спирт жана ага 250 милиграмм уксусту кошуп аралаштырып аласыз. Даяр болгон аралашманы күнүгө жатар алдында дененин артына сүйкөш керек.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу