Сусанна Егорян катышкан сынактын уюштуруучусу кыздарды сатып жүрчү. Ал эми модель кыз орун алган дагы эмес, бул жөн гана фотошоп. Бул чынбы? Териштиребиз.

Сусанна Егорян —  акыркы күндөрү бул кызды кыргызстандыктар жакшы эле таанып калды окшойт. Алгач бул чыр 17 жаштагы кыздын World next top Model сынагына Кыргызстандын атынан кетип, кийин Армениянын намысын коргоп чыккандан кийин башталды.

Кыргызстандагы сулуулук сынактарынын уюштуруучуларынын бири Таттыбүбү Самидин кызы: “Мен Сусаннаны Кыргызстандын атынан жибергем. Өзүм дагы нес болдум,  мени, аны колдогон кыргызстандыктарды сатып кетет део ойлогон эмесмин”,-деген Instagramдагы кайрылуусу ызы-чууну ого бетер ырбатып, бул кабарды уккан интернет колдонуучулар Сусаннанын  жарандыгын алып салуу керек дегенге чейин барышты. Кийинчирээк Таттыбүбү бул постун өздүк баракчасынан алып салган.

Ал эми Сусанна болсо алып баруучу  Ассоль Молдокматовага берген маегинде сынакка өзүнүн акчасы менен барганын, ал эми эки лента тагынуу сынактын шарттарынын бири болгонун айткан.

Көп өтпөй эл аралык сынактардын Кыргызстандагы координатору Бердибек Алаков World next top Model сынагына катышып ,  биринчи World next top Model болгон орусиялык Екатерина Коваленко менен байланышка чыгып, ал төмөнкүлөрдү айтып берген: “жок, эч кандай эки лента тууралуу шарт жок. Кайсы өлкөдөн келсек, ошол өлкөнүн атынан чыктык”.

Андан сырткары, Екатерина Сусанна фотошоптун жардамы менен өзүнө таажы тартып, биринчи орунду алдым деп элдин барын алдап жатканын кошумчалайт.

“Мага бир эмес эк-үч адам жазды. Мен биринчи  World next top Model болдум. Ал эми 8 кыздын ичинен Сусанна сегизинчи болду. Анын аты  жада калса сынактын расмий сайтында жок”,-деген.

https://www.youtube.com/embed/Ef72GQO–c8″ frameborder=”0″ allowfullscreen>

Ошондой эле Жамиля Асангулова аттуу колдонуучу өзүнүн Instagram баракчасына: “Бир дагы сынакта улутуңду дагы, өлкөңдүн дагы атынан чыгыш керек деген жок. Болду, калп айтууну токтот.  Сен кимге жомокторду айтып жатасың. Бул калпыңа 13-14 жаштагы кыздар гана ишенет. Лентаңда алтынчы вице мисс  World next top Model деп жазылып турбайбы. Анан дагы бул сынактын башкы уюштуруучуларынын бири  убагында кыздарды Каддафиге  сатып жүрчү экенин  европалык расмий сайттар жазып чыккан. Ошондуктан катышкан кыздарды дагы, сынакты дагы мыкты деп айты албайм.”,- деп жазган.

Айтылган окуялар боюнча Сусанна өзү: “Мен  Кыргызстандын атынан чыктым. Эми маалымат каражаттары эмне деп чыгат. “Сусанна сынакка катышкан дагы эмес. Бул фотошоп деппи”. Жок, эч кандай фотошоп жок. Эмне үчүн менин сүрөтүмдү дароо киргизишкен жок. Анткени мен ызы-чуунун бары токтосун, анан жүктөгүлө деп сурангам. Бирок болбой калды. Вице мисс наамына 8 кыз талапкер болгонбуз. Мени биринчи чакырышты, анан 6-вице мисс деген наамды беришти. Салтанаттуу сыйлоо бүткөндөн кийин уюштуруучулар мага келишип, мен алтынчы эмес жөн гана вице мисс World next top Model экенимди айтышты. Биринчи вице мисс анан жөн гана вице мисс World next top Model —  бул эки башка наам. Бирок  лентада брак бар болгону үчүн өзүмдүн лентамды эмес, алтынчы вице мисс деген лентаны беришти. Расмий сайтта менин атым дагы, өлкөм дагы, наамым дагы турат. Таажым дагы, өзүм дагы фотошоп эмес.  Мени каралагандарды болсо эми мен сотко бере баштайм деп билдирген .

Булак: sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу