Суранса, себеби бардыр да?

Аябай резонанс жараткан Икрамжан Илмияновдун өтүнүчүн орундатууга акыры “үлкөндөр” макул болушту да жалгыз кармалуучу камерага которушту.  Мунун жөнү башкада болушу ыктымал, ошондуктан балээге калбайлы деп кабыл алынган чечим туура эле болду. Караңгы жерден “каман” челип кетиши ыктымал экендиги баарына маалым. Ошол эле Садыр Жапаровду кандай канжалатышты эле? Эмне үчүн Өмүрбек Текебаев бир жылдан ашык убактысын жалгыз камерада өткөрүп келатат? Себептери абдан көп, түрмөнүн өз заң-закүндөрү бар. Учурда Икрамжандын өмүрүн сактоого өзгөчө көңүл бөлүнүшү зарыл. Болбосо көкүрөктө катылган сырларды билбей калабыз. Антсе да ал баарын төгүп-чачып айтып бербейт. Айтчусу бар, катчусу да бар экени белгилүү эмеспи? “Суракчылар” деле аша чаап кетишпестир, кантсе да эртеңкисин ойлонушу кажет болуп жатпайбы…

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу