Сурамжылоо: Жарандарга күйүмдүү 5 депутат аныкталды

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланды. Ага жалпысынан 1600 адам катышкан болсо, алардын 25 пайызы парламенттин ишине кызыкпай тургандыгын билдирген.

Ал эми катышкандардын 21% депутаттарга ишенбей тургандыгын айтып, мыйзам чыгаруу бийлигин пайдасыз орган деп эсептеген.

Парламенттин ишине канаттанбагандар 47 пайызды түзсө, “жакшы” дегендер 28,4%, ал эми ар бир алтынчы катышуучу депутаттардын иши тууралуу маалыматы жоктугун айткан.

Ал эми ысымы көбүрөөк аталып, жарандардын кайрылуусуна ачыктыгы боюнча депутаттардын тизмесинин баш сабында Жанар Акаев турат. Андан кийин Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков, Аида Касымалиева жана 5-орунда Алмамбет Шыкмаматов жайгашкан.

Эскерте кетсек, бул сурамжылоо «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» тарабынан жүргүзүлгөн.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу