Сурактан качкан Албек Ибраимовдун коркок-билиши эмнеде?

Бишкек шаарынын мэрлигинен шаардык кеңештин депутаттарынын ишенбөөчүлүк жарыялоосу аркылуу ыргыган Албек Ибраимов кайсы бир талаадан видеокайрылуу жасагандан бери дайны жок. Андан кийин “кожоюну” Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайына барып, бири-бирине арыз-армандарын айтышып, 4-5 бөтөлкөнү бошотушканын да айткандар болгон.

Ошондон кийин эле Албек мырзанын дайыны жок. УКМК аны ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде суракка чакырса да келбей жатканын билдик. Же бир жүйөөлүү себебин айтып койбойт. Негизи эки ирет суракка өз каалоосу менен келбеген адамды УКМК күч менен алып келүүгө аргасыз болору белгилүү. Буга мыйзам жол берет. Аны Албек мырза да жакшы билсе керек.

Бирок, баары бир “мен өзүм барбайм” дегенсип үйүнө жашырынып жатат. Жашырынып жатып алып эмнени ойлонуп атканын да билүү кыйын. Же АША экөө кеңешип, кандайдыр бир жаңжал салгысы келип атабы? Же өзүнүн күнөөлүү экенин сезип, камалып каларынан чоочулоодобу?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу