Суракматов жыйынын парктардын маселесинен баштады. Мэр койгон 9 талап

Жыйында Сейил бактар үчүн берилген жерлердин чек арасы тез арада аныкталышы керектиги негизги маселе катары көтөрүлгөн.

Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов бүгүн жыйын өткөрүп, муниципалитеттин тиешелүү кызматына жашылдандыруу, парктарды калыбына келтирүү, көрктөндүрүү маселеси боюнча талаптарды койду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда бир нече парктар аталып, дегеле сейил бактар үчүн берилген жерлердин чек арасы боюнча да сөз болгон.

Рабочее совещание под руководством мэра Азиза Суракматова в Бишкеке

Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов бүгүн жыйын өткөрүп, муниципалитеттин тиешелүү кызматына жашылдандыруу, парктарды калыбына келтирүү, көрктөндүрүү маселеси боюнча талаптарды койду.Рабочее совещание под руководством мэра Азиза Суракматова в Бишкеке

Анда бир нече парктар аталып, дегеле сейил бактар үчүн берилген жерлердин чек арасы боюнча да сөз болгон.

Суракматов төмөндөгүдөй тогуз талапты койгон.

— Сейил бактар үчүн берилген жерлердин чек арасы тез арада аныкталышы керек;

— Түрк элчилигине кайрылып, түрк элинин улуу лидери Мустафа Кемал Ата Түрктүн атындагы сейил бакка бѳлүнгѳн каражатты тез арада колдонуп, паркты кѳрктѳндүрүү боюнча сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлсүн;

— Ар бир жаңы конушка жаңы гүл бакча, сейил бактарды куруу үчүн долбоорлор иштелип чыгып, жаңы конуштардагы оңдоло турган кѳчѳлѳрдүн схемасы даярдалсын;

— Түрк элчилигине кайрылып, түрк элинин лидери Мустафа Кемал Ата Түрктүн атындагы сейил бакка бѳлүнгѳн каражатты тез арада колдонуп, паркты кѳрктѳндүрүү боюнча сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлсүн;

— Гейдар Алиевдин атындагы парк үчүн берилген жерге сейил бак гана курулуусу керек. Азербайжандын улуу мууну ѳздѳрүнүн лидерин колдоп, парктын куруусуна кѳңүл бурат деген ишеничтебиз;

— Борбордогу оңдоло турган парктарды кѳрктѳндүрүүдѳ, курууда бардык шарттарды түзүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулсун, борбордогу кароосуз калган парктарды тематикасына жараша оңдоп чыгуу талап кылынат;

— Мэриянын кызматтары бизнес ѳкүлдѳрү менен биргеликте парктарды, гүл бакчаларды оңдоп, куруп, чоң ишканаларга ѳздѳрүнѳ жакын жайгашкан парктарга кѳмѳк кѳрсѳтүүлѳрү үчүн бирге тыгыз кызматташуусу зарыл;

— Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын 200 чакырымга жакын капиталдык оңдоону талап кылган кѳчѳлѳрү оңдолуп, кум, шагыл тѳгүлүп, бекемделиши, сапатына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулушу керек;

— Аалы Токомбаев кѳчѳсүнүн Совет кѳчѳсүнѳн Бах кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүнѳ веложол куруу менен ѳркүндѳтүү керек. Веложолду кенен, жарыктандыруу, жашылдандыруу элементтер менен куруу абзел.

Эскертке кетсек, буга чейинки мэр Албек Ибраимовго коомчулук тарабынан жолдорду оңдоп-түздөөдө бак-даракты көп кыйылгандыгы үчүн ага карата социалдык тармактарда «отун жаргыч» деген каймана ат да ыйгарып жиберишкен.

Булак: Спутник

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу