Сураган Босумбаев, КТРКнын директорлугуна талапкер: «Негизгиси КТРКнын атын эмес затын өзгөртүш керек»

— КТРКнын жетекчилигине эмне себептен ат салышууну чечтиңиз?  

— КТРК директорлугуна талапкерлигимди койгонумдун себеби, биринчиден бүгүнкү күндө КТРКда болуп жаткан көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөндөөдө. Адабий тилдин ченемдери сакталбай, журналисттердин кеп маданияты солгундап кетти.  Кыргыз Республикасынын “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү” (2008-жылдын 2-июну N 106) Мыйзамына ылайык телеканалдар үчүн мамлекеттик тилдеги көрсөтүүлөр жана өздөрү өндүргөн  (же ата мекендик) продукцияларга болгон атайын ченемдер бар. Бирок, бүгүнкү күндө ошол талапка  Кыргызстандагы көптөгөн телеканал – радиолор, анын  ичинде КТРКнын “телесемействосуна”  кирген каналдар дагы  жооп бербейт. Бул эмнени  билдирет, демек,  жакынкы күндөрдө ал каналдарды аталган мыйзамга ылайык жабуу мүмкүндүгү (коркунучу десек да болот) бардыгын билдирет. Ошондуктан,  бүгүнкү күндө КТРКны өнүктүрүп, өстүрүп жиберебиз дегендин ордуна, ошол ачылган каналдарын сактап калуунун милдети башкы орунда.

— Эгерде жетекчи болуп калсаңыз коомдук биринчи каналга кандай өзгөртүүлөрдү киргизет элеңиз?

— Эң биринчи  коомдук деген статусун алып салып улуттук деген тарыхый статусун кайра алып келүүнүн үстүндө иш алып бармакмын. Эгер  мыйзамдарга туура келсе, коомчулук колдоп берсе,  статусту кайрып келүү   КТРКнын директорунун мүмкүнчүлүктөрүнүн ичинде болсо, албетте. Эмнеге улуттук деп атагым келип жатат?   Эгемен мамлекетибиздин Конституциясында  бир  улуттан түзүлгөн мамлекет экенибиз жазылып турат. Ошол улуттун мамлекеттик  идеологиясын жүргүзө турган бирден-бир канал эч убакта коомдук болбошу керек.  Улуттук же мамлекеттик статуста болууга тийиш.

— Учурдагы КТРКнын сиздин көз карашыңыздан алганда кандай жетишкендиктери жана кемчиликтери бар?

— Кемчиликтери туурасында айтсам, иш болгон жерде сөзсүз кемчилик да болот.  Анын баарын санап отуруунун азырынча кажети жок. Ал эми жетишкендиктерин  жок деп айтууга болбойт. КТРКнын “телесемействосуна”  кирген бир нече тармактык каналдар ачылды, имараттары оңдолуп-түзөлдү, техникалык базасы жакшырды.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу