Дарегине тынымсыз сын айтылып келе жаткан Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева күздө кызматынан кетээрин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева жар салды. Эл өкүлү «Фейсбук» баракчасына:
«Анын крышасы болгон байкеша — өлкөнүн душманы» — деп жазды. Учурда Кудайбердиеваны калкалап, «тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай» келе жаткан «өлкөнүн душманы» болгон байкеси ким болушу мүмкүн дегенге баш катыргандар арбын. Сурабалдиева мынча болду табышмактантып жыландын башын чыгарбай аты — жөнүн кошо айтса болмок экен.
БУЛАК: Фабула