Сурабалдиева Кулматовдун абийирин ачты. Кулматовдо бет жок го?

КСДПнын депутаты Элвира Сурабалдиева учурда ЖКнын жыйынына катышып, суролорго жооп берип жаткан Орус­Кыргыз фондусунун төрагасы Кубанычбек Кулматовго бир топ жарга такаган суроолорду узатты. Ал: “Фонд байлар үчүн гана иштеп жатат, элде да ушундай түшүнүк пайда болду. Эмнеге карпайым эл насыя ала албайт, аларга эмнеге шарт түзүп бербейсиңер?”­ деген кыязда суроо узатты эле. Кулматов ошол жерден бети жоктугун дагы бир жолу аныктап, дароо кызаңдап: “Биздин фонд эч бир саясатчыга, эч бир саясый партияга насыя берген жок.

Алардын аттары бизде катталган жок. Силер биздин ишке кийлигишпегиле, айта турган нерсени айткыла” –деген мааниде депутат айымга акыл үйрөттү эле. Депутат айым да, жемин жедирбей керсейген Кулматовго татыктуу жооп кылды. Ал: “Кимге кандай суроо беребиз, кимге кандай айтабыз, аны бизге үйрөтпөңүз”­ дегендей кылды. Туура, Кулматов өзүн Кудай сезип алган го. Кайсы бети менен айтып жатат, бир да саясатчыга насыя берген жокпуз деп. Бабанов өзүнүн “Азия молуна” алган 17 млн. долларчы. Аны эл билет. Насыяны Кулматовдун колунан Бабанов өзү албаса, өзү айткандай, “жакын тууганы” ­аялы алды да. Бабановдон башка деле саясатчылар бул фонддон олчойгон насыяны жеңил шарттар менен алып жатышат. Алар азыр ачыкка чыкпаса, көп өтпөй ачыкталат сөзсүз…

Булак : чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу