Сумканы бут кийимдин түсүнө ылайык тандоо милдетүүбү?

Сумка — кыздардын гардеробундагы өз баасын эч качан жоготпой турган маанилүү аксессуар. Сумкасыз аял «күмөн санатат» деген пикир да бар. Ошол себептен сулуулардын сүйүктүү буюмдарынын бири сумкасынын эскирбеген образдарды бирге талкуулап көрсөк.

Ушул кезге чейин сумка бут кийим менен бирдей түстө болуш керек деген пикир айтылып келген. Азыр бул түшүнүк бир аз өзгөргөн, бир бөлүгү ушул классиканы туура деп санашса, калган башкалары тажатпай турган образды тандоодон качпайт.

Өткөн жылы трендде ачык түстөр болгон эле. Өзүн баалаган аялда эки сумка болуш керек бири түстүү болсо, башкасы бир өңчөй түстө болгону жакшы. Сумканын түсүн бут кийимге же кийген киймиңизге түспөлдөш кылып да тандайсыз. Алардын бир түстө болушу шарт эмес, бирок таптакыр башка түстө болбогону оң. Акыркы жылдары түрдүү таштары бар, токулган, өзгөчө стильдеги сумкалар модага айланууда. Күнүмдүк көтөргөн сумкалар бир өңчөй түстөрдө (боз, күрөң, ак-сары) болгону жакшы.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу