Сулуу келиндер сынагы: Кыргызстандын намысын Аида Чоткараева коргомой болду


Келиндер арасындагы дүйнөлүк сулуулар сынагы быйыл Түштүк Африка республикасында өтөт. Өткөн жылы мамлекеттин намысын эки баланын энеси Наргиза Осмонова коргогон.

Кыргызстандык актриса жана модель Аида Чоткараева келиндер арасындагы «Аалам сулуусу — 2017» сынагына катышат.

 

Sputnik Кыргызстан агенттигине улуттук сынактын уюштуруучусу Рысгүл Намазбекова билдиргендей, Аида Чоткараева 2016-жылы биринчи вице-мисс аталып, сынакка катышууга жолдомо алган.

Сулууларды кароо сынагы Түштүк Африка республикасындага Дурбан шаарында 28-августтан 7-сентябрга чейин өткөрүлөт. Дүйнөлүк сынакка жалпысынан 40 келин катышат.

28 жаштагы кыргызстандык Аида Чоткараева актриса жана модель болуп эмгектенет. Ал «Красотка и миллион», «Браво» жана «У любви свои небеса» тасмаларында роль жараткан.

Өткөн жылы аталган сынакта Кыргызстандын намысын 41 жаштагы Наргиза Осмонова коргогон. Сынактын жыйынтыгында «Миссис Бизнесвумен» наамын жеңип алган.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу