Сулуу болуунун бир сыры…

Кыздардын көпчүлүгү «беттин сулуу, таза жана жумшак болуусу үчүн кымбат косметиканы пайдалануу керек» деп ойлошот. Бирок, сулуулукка кол жеткирүү үчүн люкс косметикасын колдонуу шарт эмес.

Эң алгач тамактанууга көңүл бөлүш керек.

Сулуу болуш үчүн төмөндөгү азыктар жардам бермекчи:

1. Сабиз

Анын курамында клеткаларда калыбына келтирүүчү бета-каротин бар.

2. Помидор

Күн нурунан сактаган мыкты антиоксидантка бай жемиш болуп саналат.

3. Банан

Көзүңүздүн асты көгөрүп калган болсо, уктаар алдында банан жеп жатыңыз.
Банан сизге уйкусуздуктан арылууга жардам бере алат.

4. Сулу
Сулуу болгуңуз келсе, эртең менен сулудан жасалган тамак жеңиз. Ал эми бырыштын пайда болушун алдын алуу үчүн курамында темир, магний, кальций бар азыктарды тандаңыз.

5. Чечевица

Чечевицанын курамындагы цинк бетиңиздин түсүн жакшыртып, аны тазартуучу касиетке ээ.

6. Чалкан
Чалкан жалбырактарынан жасалган чай беттин өңүн жакшыртып, безеткиден арылууга жардам берет.

7. Жалбыз

Ашказан менен бет-келбетибиздин бузулбашы бири-бирине көз кранды экени баарыбызга маалым. Ошондуктан тамак-ашты сиңирүүсү, туура тамактануу өтө маанилүү. Тамак-аш сиңирүүгө жалбыздан жасалган чай жардам берет.

8. Артишок

Бул өсүмдүктү косметика жасаганда колдонушат. Ал бетиңиздин сергектигине пайдасын тийгизет.

9. Кызылча

Кызылчанын курамында калий, магний, темир, кальций сыяктуу пайдалуу элементтер көп. Ошондуктан диетологтар туура тамактанууда ушул жемишти көп жегенге кеңеш беришет.

10. Кызыл жүзүм

Көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча, кызыл жүзүм картаюну жайлатуучу жемиштердин бири экени аныкталды.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу