Сулуу аялдар баатыр уул төрөбөйбү?

Тээ илгери кадимки Ормон хан каза болгондо, солто уруусунан  бир көзү көрбөй калган карыя катуу кейип, болгон арманын ыйлап олтуруп айткан экен.

-Кап, оокат, иш-деп жүрүп, эмне таптым. Эгер мен убакыт таап хан Ормонго барып жолугуп, ал билбеген нерсени билгизип, ачыгын айтып тандап аял алып берип койгонумда, белиндеги бала төрөлүп калмак эле. Манаптын тукуму эле эмес колунда бар байлар аялды өңүнө карап “сулуу” деп сулуулукка кызыгып ала беришип, өздөрүнөн жакшы бала туулбай калганы өкүнүч жаратат. Айткандай  сулуу аялдар “мен сулуумун” деп мактангандарын ким тана алат. Сулууга кызыкпаган жан барбы. Эркек көз менен сүйөт болуп, эркектердин душманы көз. Сулууларга кызыгып жатса, анан сулуу аялдар көйрөң болбогондо ким көйрөң болот.  Адамды мактоо сөз бузат. Мактоо сөзгө эрдемсип, пенде болгондон кийин мактанып кеткен адат кантип пайда болбойт. Ошол себептен сулуу аялдан көйрөң, мактанчаак бала төрөлөт. Хан Ормон сулуусуна карап үч аял алды, бирок алар ага хан болчу баланы төрөп бере алышкан жок. Эгер мен ага жолугуп, ойдогуну айтып, тандап аял алып берип койгонумда, андан төрөлгөн баланын тукуму акыр кыяматка чейин эл башкарып, элдин жашоосун оңомок эле. Элдин убалы мага окшогон билип туруп жасабагандарга тийет. Кап, эми Калыгул олуянын “тексиз жерден бий чыгат, тегиз жерден тегирмен чыгат” деп айткан кеби келмей болуп калды. Бул жашоодо бардык азгырыктын арты өкүнүч алып келет. Сулуу аялдар дагы канча эркекти азгырат. Бирок, бир келген жашоодо сулуу аялга жеткен дагы бакыттын бир үзүмү, анткен менен сулуу аялдын дагы мүшкүлү көп-деп, карыя сөзүн аяктаган экен. Айткандай эле асылдан асыл эмнеге туулбайт, анткени алардын алган аялдарынан асыл бала төрөлбөй калганын  эске алып койгонубуз туура.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу