Сулуулук сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы: «Сусанна Егорян мени эле эмес, бүт кыргыз элин сатып кетет деп ойлобоптурмун»

Бүгүн, 9-августта соц тармактарда Егоряндын  сынакка Кыргыздын эмес, Армениянын атынан катышканы маалым болуп, элдин оозун араандай ачырды. Бул эмне деген кылык-жорук…?  Сусаннанын бул кылыгы тууралуу аны сынакка жиберген сулуулук сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

“Соңку жаңылыктарды угуп, мен да силердей эле абдан нес болдум. Мен Сусаннаны Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышууга жибергем, бирок ал өзүнө добуш берген мени эле эмес, бүткүл элди сатып кетет деп ойлогон эмесмин. Сураныч, суроолор болсо мага эмес Егоряндын өзүнө кайрылгыла», — деген ал.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу