Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү дүйнө салды. Бул тууралуу министрлик кабарлады. Ал буга чейин ооруп жүргөнү кабарланган.
Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналист адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин «Би-Би-Си», «Азаттык», ЭлТР, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
Акыркы кезде президенттик аппаратта кеңешчи болуп иштеп турган. Ал журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал.
“Азаттыктын” жамааты Султан Жумагуловдун туугандарына, жакындарына көңүл айтат.
Булак: Азаттык