Султан Жумагуловдун оор илдет менен күрөшүүсү

Төрт жолу Турцияга дарыланганы барып келди. Алгачкы үч жолу барган кезде да, орун басарларын чогултуп онлайн SKYPE менен жыйындарды өтүп тапшырмаларды берип атты.

Мурдагыдай эле Whats App менен жазышып аттык. Турциядан келген сайын үйүндө жатып эс албай дароо жумушка чыгып кетчү. Жумушка чыкканы менен өзүн жаман сезип турса да “Тарап кетет, жакшы болуп кетем!” –деген сөздөрдү көп айтты. Бизди шыктандырып иштейбиз, баары жакшы болот деп айтып калчу.

Сөөк коюлгандан кийин үйүнө жамаат менен барып апасы менен сүйлөшүп калганымда буларды айтып берди:
Султан Жумагулович кичине кезинен эле өпкөсүнө суук тйип, апасы кашкулактын майы менен дарылап койгон экен. Анан чоң окуу жайларга окуп кетип аягына чыкпай чала айыгып калса керек.

— Эгерде кийин да жөтөлүп жүргөнүн билсем, дагы дарылап коет элем –деди апасы.

Ал эми министр Турцияда дарыланып атат деген сөздөрдү тескери буруп ал, арак ичип ошондон дарыланып атат деп сүйлөгөндөрдү да угуп аттым.

Министр аны билип эле атты. Бул пост ошентип сүйлөгөндөргө арналды!

Жийде Зоотбекова

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу