Султан Абдыракманов: “Памирден келген кыргыздарды Чоң Алайга жайгаштырса жакшы болмок экен”

Памирден келген кыргыздарды туугандарыбызды абасы, үрп-адаты, салт-санаасы жагынан да жакын Чоң Алайга жайгаштырса жакшы болмок экен. Ошондо коңшу айылга келгендей болуп эле алар чочуркамак эмес.
Өкмөт жетекчилери азыр деле ойлонуп көрүшсө деген ой…
(сүрөттөр «Аалам кыргыздары» журналын негиздеген замандашыбыз Акылбек Атабаевге таандык.) Негизинен Буткул Памир-Сары-Кол кыргыздын жери. Убагында Кытай, Россия менен Англия котонзордук менен учко болуп алган болчу. Эртедир кечтир ал жерлер кайрадан туптуу кыргыз элине кайтып калаар…
Сиз айтып жаткан бул жаралуу тарыхка көп кайрылган адис, боордоштордун тагдырын тереңирээк билген адам катары талкууга жем таштагам. Эсиңизде болсо тарых илимдеринин докторлугун ушул асман тиреген аймак тууралуу жактаган, китебин жазган Бектемир Жумабаев досубуздун, башка тарыхчылардын катышуусунда 19-кылымдын экинчи жарымынан кийин дөөлөттүү элдердин энчисине өткөн бул аймак тууралуу бир нече ирээт «Доор аяны» көрсөтүүсүн жасагам.

Ошондой эле, Рахманкул хандын тагдыры боюнча Кыргызстанда жана Ванга чейин барып, ал жердеги аксакалдардын катышуусунда бир канча көрсөтүү жасап телекөрүүчүлөргө сунуштагам. Бир жарым жылдай Ооган кыргыздары менен чогуу жашаган белгилүү антрополог, илимдин доктору АКШнын Индиана штатындагы Индиана университетинин профессору, Назиф Шахрани менен 2005-2009-жылдары эки ирээт жолугуп, «Доор аянына» маек түрүндө төрт көрсөтүү жасалган. Кимиси менен маектешпейин мына ушулардын бардыгында алардын негизги тууганчылык катышы, үмүт-тилек кылган жери кучагына ааламдын эли батып кетчүдөй туюлган Чыйырчык белинен ары оонап, ортосун түтөгү шаштыны алган Талдык даваны бөлүп турган, бүгүнкү күндөгү аркы чеги асман тиреген Ленин, Жеңиш чокуларына барып такалган Алай өрөөнү айтылат. Замандаштардын кайдыгер болбой ой бөлүшкөнүнө, пикирлерин айтканына рахмат.

Ондогон жылдардан бери айтылып келе жаткан тилекти ишке ашырган Өкмөттүк комиссиянын жасап жаткан изги ишине оомат тилешибиз керек. Кыргызстандын кайсы бурчу болбосун алыстан үмүт артып ээрчип келген, карманаар эч кимис жок, балапандай кол карап тургандарга жылуу уя болуп берсин деп тилек кылышыбыз керек. Болгону, абасы менен суусу бир, уруулаш, тилдик диалектикалык карым катышы жакын туугандар Кыргыз жерине көнгүчө Чоң Алайда турса киндик каны тамган жерине болгон сагынычы, кусасы азыраак болоор беле деген ойдо болгом…- деген пикирин журналист Султан Абдыракманов билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу