Султанов: Футболду саясатка аралаштырбаш керек

Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов ВВСге маек куруп, өзү, кыргыз курама командасынын Азия кубогуна ойноого жетишкени, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен туугандык байланышы, федерациянын жана кыргыз футболунун келечеги жөнүндө айтып берген. Ал федерация башчылыгынан кеткенин мурда билдиргени менен иш жүзүндө кете элек экенин да айткан:

— Мен өзүм «федерация башчылыгынан кеттим» деп айткам. Бирок күйөрмандар, курама командадагы футболчулар мени «кетпеңиз» деп суранышты. Футболчулар «бизди таштабаңыз, сиз келгенден бери биз өзүбүзгө ишене баштаганбыз, башка бирөө келсе бул жетишкен ийгиликтерибиз уланбай калышы мүмкүн» деп суранып атышат. Мен өзүм так чечим чыгара элекмин, февралдын ортосунда чечимимди жарыялайм. Футбол имиджи биринчи орунда турат, бул баарына белгилүү. Федерация башчылыгына келе турган киши аны өзүнүн пайдасы үчүн, саясат үчүн колдонууга аракет кылышы толук ыктымал. Парламенттик шайлоо болот дегендей. Өзүн реклама кылып, «депутат боломбу же министр боломбу» деген байкелер да жүрөт. Бирок футболду саясатка аралаштырбаш керек.

Семетей Султанов маегинде өзү саясаттан алыс экенин белгилеп, федерация башына келгенде эле Кыргызстандын курама командасын Азия кубогуна алып чыгууну максат кылып, ага жетишкенин да баса белгилеген.

Семетей Султанов Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагалыгына 2012-жылы шайланган. Төрт жылдан кийин 2016-жылы ал бул кызматка экинчи ирет шайланып келген. Быйыл ал 10-январда кызматтан мөөнөтү бүткүчө эле кетип жатканын федерациянын расмий сайтына жазып чыккан.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы быйыл өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүндө ойноду. Буга чейин «ак шумкарлар» бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.

Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу