Сулайманов: Сатыбалдиев саламаттыгына байланыштуу кайрылды

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин саламаттыгына байланыштуу анын адвокаты Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылды. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, адвокат тергөө абагына кирип, Сатыбалдиевдин абалы менен таанышып чыгууну өтүнгөн.

— Ден соолугу начар, абакта жатса дагы начарлап кетиши мүмкүн деп коркуп жатышат. Алар ооруканага жатса жакшы болот эле деп, өзү менен жолугуп чыгууну өтүнүшкөн.

Сатыбалдиев ден соолугу начарлаганына байланыштуу сентябрда эки аптадан ашуун убакыт Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып чыккан. Ооруканадан абакка 9-октябрда которулган.

Бишкек ЖЭБи боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, энергетика тармагындагы ишканалардын бир катар жетекчилери да “Коррупция” беренеси менен айыпталып, абакта отурушат.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча козголгон төрт кылмыш ишинин алгачкысы карала баштады.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу