Сулайманов президенттин короосуна таш ыргытты

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 13-августтагы билдирүүсүндө сүйлөгөн сөз менен кылган иш айкашпай жатканын белгиледи. Жыйында 2040-жылга чейинки стратегия кабыл алынды. Мына ушул жыйында Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өнүгүү стратегиясын сынга алды. Эл өкүлү өз сөзүндө: “Айтканын аткарбаганды эл да сыйлабайт. Бул документте экономикалык жана саясий абал камтылган эмес. Айрыкча тышкы карызыбыз тууралуу сөз жок. Дүйнөдөгү саясий-экономикалык абалдын бизге таасири тийбейт деп айта албайбыз” – деп президенттин короосуна таш ыргытты. Сулаймановдун мындай азуу көрсөткөн айбатына айрымдар таң берсе, кээ бирлер бала бирди көргөнү калган го деп баш чайкашты…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу