Сулайманов: Кыйноо тууралуу арыздангандар көбөйдү

Кыргызстандын Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборуна 2017-жылы 217 арыз келип түшсө, өткөн 2018-жылы арыз-даттануулардын саны 250дөн ашкан. Алардын 70 пайыздан ашууну кыйноого кабылганы тууралуу арызданган. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Буга чейин Кыйноого каршы коалициясы соңку эки жылда Кыргызстанда 1140 адам кыйноого кабылганын айтып чыккан. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен зомбулук көргөнүн белгилешкен.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу