Сулайманов Дастан Жумабековду кекетип, зекиди

Жогорку Кеңештин жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов төрага Дастан Жумабековду зекип, бозала кылды. Ал түгүл керек болсо, “кызматтан кетиребиз” — деп коркутуп, опузалап алды. Башкача айтканда, депутаттар административдик жоопкерчилик тууралуу Кодекс боюнча докладды уккандан кийин, төрага «депутаттардан кимдин суроосу бар» — деп сурайм деп балээге калды. Шылтоо таппай араң турганбы Алтынбек Сулайманов дароо эле: «Сиз эмне бизден окуучулардан сурагансып сурап жатасыз?

Сиз таблону ачышыңыз керек, биз болсо суроо берүү үчүн жазылабыз. Мен бул тууралуу экинчи жолу айтып жатам. Дагы бир жолу эскертүү ала турган болсоңуз, кызматтан кетирүү тууралуу маселени карайбыз», — деп кекетти. Мына ошентип, акыркы кезде Жумабековдон депутаттар аллергия боло башташты.

Булак: «Ачык саясат» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу