Стресске түшүү аллергияга чалдыктырат…

Стресс менен төрт проблеманын ортосунда тыгыз байланыш бар экен.

Жаңы изилдөө Темпл университетинин адистери тарабынан жүргүзүлдү. Алар 5000 студентти сынакка катышууга чакырышты. Ыктыярчылар стресс менен теринин абалы тууралуу суроолорго жооп беришкен.

Натыйжасында окумуштуулар 422 студенттин маалыматтарын талдап чыгышкан. Катышуучуларды үч топко (стресстин төмөн, бир калыптуу жана жогору деңгээлдери) бөлүшкөн. Изилдөөчүлөр стресси жогору деңгээли болгон ыктыярчылар теринин кычышуусу, алопеция (чачтын түшүүсү), баш теридеги тактар, гипергидроз (катуу тердөө), какач, колдогу кычышкан ысыктар, ошондой эле тырмакты тиштей берүү жана трихотилломанияга (өз чачын жулуу) чалдыкканын аныкташкан.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу