“Стратегдер” кеменин багытын алмаштыргысы келет

Бийликке эрмешүүнүн, ага жармашуунун “илдетине” кабылган саясатчы сөөрөйлөр эч убакта өлкөнүн “ысылыгынын” төмөндөшүн каалабайт. Анткени андайлар кантип болсо да эки чылбыр, бир тизгинди колуна бекем ороп алууга напсиси күчөгөн. Мейли, белинен мертинсе деле турсам өлөсүң деген принциптеги “каармандар” көп болбосо да бар. Айрыкча капчыгынын оозунан доллар бултайып тургандардын өпкөсү ар качан көөп турган абалда болгонун байкоого анча акылдын зарылчылыгы жок. Каражатың мол болсо бийликтин буйласы сенде болот деген кыял менен жашагандар элди эмес оболу өзүнүн керт башын жогору коеру белгилүү. Буга чейин мындай өнөкөттөр болуп келген, дагы да өнүгө берет деп койсок калыстык болот.

Албетте, азыр мамлекеттин алдында абдан талылуу маселелерди ийге келтирүү вазыйпасы турат. Ириде өлкөнүн эгемендүүлүк майрамын өз деңгээлинде өткөрүп алууга аракет жүргүзүлөт. Ага удаа эле бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына камылга көрүү маселеси турат. Бир сөз менен айтканда өкмөттүн зарыл иштери чачтан көп. Ошондуктан ат тезегин кургатпай көчмөндөр оюндарын өткөрчү жерлерди катуу көзөмөлгө алуу колго алынып, пландалган иш-чараларга басым жасалууда. Буйруса, ал өзөктүү иштерди аягына чыгаруу өз нугунда болоруна күмөн жаралган жок.

Жогоруда кеп кылгандай ичкеридеги саясый айдыңдагы кыймылдар тымызын желип-жортуулар менен коштолуп жатканы деле ырас. Айрыкча Алмазбек Атамбаевдин убагында мурдунан суусу аккандар, кийин достон душманга айлангандар, эзелтен берки ыркы келишпегендер добулбасты ургулап, өз тарапташтарын ойготууга аракетин көрүшкөн кези. Улам качып кеткен кожоюндарынын “мыкты сапаттарын” элге жайылтышып, оң тараптуу ойлордун жаралуусуна далалат жасашканынын артында эмне жатканын кеңкелестер эле билбей калбаса акыл-эси жайындагылар илгиртпей түшүнүүдө. Арийне, безип кеткен К. Бакиевдин, Жаныштын, Максимдин, Үсөновдун жарыгы тийип жакшылыгын көргөндөр эч убакта андан кийинки эл башчыларынын арыгына суу жүгүртүүгө кам көрүшпөйт. Ошондуктан жаңы бийликтин биринчи адамына калп эле жан тартымыш болушуп, мурдагы жакшы санаалаштардын койнуна “муздак жыланды” киргизүүгө жалпылап киришишти бакийчилер. Андай “азыткылары”менен ажонун жүрөгүнө жол салуу оңой эместир деген ой коомчулуктун бүйүрүн кызытканы деле калп эмес. Ошентсе да кадрдык жылдыруулардан терс кайрыктар кеткени оңурайып байкалып калууда. Алмазбек Кененбаевдин ак үйгө баш багышы мунун айкын аныктамасы десек неге болбойт? Ал кимдин кайнагасы экенин аны колдогондор билбейт дештин өзү маңкурттук. Эмнеси болсо да Бакийчилердин арааны ачылып баратканы элди кооптондурат.

Роза Отунбаеванын да ичиндеги буктары бираз ылдыйлады окшойт. “Мекендештердин” жергебизде өткөрүлгөн форумунун арты менен ажобуз Сооронбай Жээнбековго болгон көз карашын оңдоп алды. Болбосо кыйла ай мурун апчебиз туталангандыктан бийликтин номур биринчи адамына сес көрсөткөн. Анан кайра жумшарып, ыраазы экенин удаа-удаа айтып калуусуна шарт түзүлүп калганы тагдырдын жазмышы турбайбы. Айтор, эгемендик майрамында аянттагы трибунада башкалар менен Роза Отунбаева да катар туруп калышы мүмкүн. Антсе эле Каптагаевдин, Дүйшөбаевдин, Эркебаевдин, Салянованын жана башка санаалаштарынын көңүлү чайыттай ачылат, чиркин!

Саясатта дос болбойт дегендин өзү натуура эмес экенин баарыбыз туйдук. Демек, кырчылдашкан кармашууларды ошол бийликти абдан сүйгөндөр, элине күйбөгөндөр тутантышаары маалым. Дембе-дем кайсы бир саясатчыларды аренага чыгаруу, аны ашкере “көсөм” кылып көрсөтө берүүнүн түпкүрүндө “өлгөн иттин” скелети жатканын кемчонтойлор эле сезбесе калгандар ачык билип турушат. Антсе да калк ичинде бакубатчылыктын орношу, мамлекетте туруктуулуктун болушу, ынтымак-ырашкердиктин бекемделиши өзгөчө орунда. Кандай болбосун кыргыз журтчулугу сегиз жылдан бери сакталып келаткан жашообуздун улана беришине салымын кошуусу талапка ылайык.

Булак: Ачык сөз

Аргумент.kg
Жооп калтыруу